Өткөн жылы Кыргызстан менен Россиянын өз ара соодасынын көлөмү дээрлик 4 млрд долларды (3,9 млрд доллар) түздү. Бул тууралуу Бишкекте Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-орус комиссиясынын 26-жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.
Маалыматка ылайык, соода-экономикалык кызматташтык эки тараптуу мамилелерде борбордук орунду ээлейт.
Россия Кыргызстандын тышкы соода боюнча алдыңкы өнөктөштөрүнүн катарына ырааттуу түрдө ээ болуп, өткөн жылы өлкөнүн тышкы соодасынын 22%ын түздү.
«Биздин өкмөттөрдүн алдына бул көрсөткүчтү 5 млрд долларга жеткирүү милдети коюлган жана биз ага карай ишенимдүү жана ырааттуу бара жатабыз. Буга жетишүү үчүн жаңы инструменттер жана шарттар ырааттуу түрдө түзүлүп жатат: электрондук соода өнүгүп жатат,ченемдик укуктук база өркүндөтүлүп, бизнестин чыгымдарын азайтуу боюнча чаралар көрүлүүдө, логистикалык коридорлор кеңейтилип, экспортчуларды колдоо күчөтүлүүдө.
Биздин өлкөлөр ортосундагы бирдиктүү санариптик соода инфраструктурасын өнүктүрүү чакан жана орто бизнес үчүн рынокко жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу жана бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин алкагында өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, өсүштүн жаңы драйвери боло алат. Кыргызстан интеграциялык процесстерди бекемдөөнү, транспорттук коридорлорду өнүктүрүүнү, өнөр жай жана энергетика тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү ырааттуу жактап келет», – деди Адылбек Касымалиев.

