"Эркин-Тоо"

КАТААЛ ЧАРА КӨРҮЛСӨ, КЫРСЫК АЗАЯР…

Спирт ичимдигин ичип алып, унаа айдагандар айдоочулук күбөлүгүнөн ажырайт. Жол эрежесин бузгандар, айып пулдарды мурдагыдан да көп төлөйт! Жолдо жүрүп өмүргө коркунуч келтирген айдоочуларга карата көрүлгөн мындай катаал чаралар боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште экинчи окууда каралды. Социалдык тармакта бул мыйзамга каршы чыккандар, колдогондор да болууда. Айрымдары айлык аз болуп жатса, айыпты жогорулаткан болбойт дешсе, айлыгың аз болсо эреже бузбай айда дегендер да бар. Айтор эмнеси болсо да жол кырсыктары азайса эсеп эмеспи. Жаңы мыйзам боюнча спирт ичимдигин ичип алып унаа айдаган киши биринчи жолу кармалганда бир жылга, кайталанса үч жылга унаа айдоого тыюу салынат. Ылдамдыкты нормасынан саатына 40-60 чакырымга катуу айдаса 7500 сом (учурда 5 500 сом), 60тан ашырса 15 000 сом (учурда 7 500 сом) айып каралат. Каршы тилке менен айдоого 15 миң сом (учурда 5 500 сом), жол эрежесин кайталап бузса кайра экзамен тапшырып айдоочулук күбөлүгүн кайталап алат. Автоээнбаштык кылгандар 15 миң сом төлөйт (учурда 7500 сом). Салынган айып пулдарды 70 пайыздык жеңилдик менен төлөө мөөнөтү 15 күндөн бир айга узартылат.