"Эркин-Тоо"

КАТААЛ ЧАРА КӨРБӨСӨ, ПЕДОФИЛДЕР КӨБӨЙҮҮДӨ

Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын маалыматы боюнча 2022-жылы зордуктоого кабылган балдар боюнча 52 кылмыш иши козголгон. Ал эми 2021-жылы 49, 2020-жылы 17, 2019-жылы 53, 2018-жылы 52 кылмыш иши катталган. Тилекке каршы статистика акыркы беш жыл аралыгында балдарга карата болгон зордук-зомбулук фактылары бирдей ыргакта катталып келе жаткандыгын көрсөтүп турат. Бул биздин өлкө үчүн өтө кооптуу көрсөткүч.

Мындан улам коомчулуктун жалпы пикирин эске алуу менен Кыргызстанда бир топ жыл мурда педофилдерди химиялык жол менен кастрация кылуу жазасын киргизүү аракеттери болгон. 2013-жылы ал мыйзам долбоорун ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев артка кайтарган.

Арадан 10 жыл өтүп, маселе кайрадан көтөрүлүп чыгып, «Педофилдерди хирургиялык жол менен акталап салуу жөнүндө» мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетинде биринчи окууда каралып, колдоо тапты. Бул мыйзам долбоору депутат Улан Бакасов тарабынан иштелип чыккан. Ал зордук-зомбулуктун алдын алуу жана педофилдерге жазаны катаалдатууну көздөйт.

Бирок, мыйзам долбоору кайрадан эле коомчулуктун, айрым эл өкүлдөрүнүн сынына кабылды. Сот системасында акыйкаттуулук, тергөө органдарынын ишинде тактык, жоопкерчилик орномоюн бул мыйзамды кабыл алуу кооптуу дегендер да чыкты.

Ал эми демилгечи депутат Улан Бакасов химиялык кастрация педофилдерге каршы катаал жаза болбой тургандыгын айтууда. Анткени, дүйнөлүк тажрыйбада химиялык жол менен жазаланган педофилдерге дарыдармек таасир бербей калган учурлар кездешет. Андыктан эл өкүлү чечкиндүү түрдө хирургиялык жолду тандоо туура болот деп эсептейт.

Хирургиялык кастрация – хирургиялык жол менен репродуктивдик органды алып салуу. Мындай операциялар жаза аткаруу системасындагы медициналык мекемелерде аткарылат экен. Депутат Дастанбек Жумабеков укуктук жагына көңүл буруп, Башмыйзам боюнча адамдын ден соолугу кол тийгис экенин, педофилдерди эркиндигинен ажыратуу мөөнөтүн узартууну сунуштады. Бирок, мындай жаза педофилдерди коркута албайт эмеспи. Жылына 52 бала зордук-зомбулук көрүп жатышы буга далил. Дүйнөдө педофилдер менен күрөшүүдө көп өлкөлөр жазанын дал ушул түрүн тандап, аларды эркиндигинен ажыратып келет. Бирок, ага карабай жыл өткөн сайын педофилдердин саны эселеп көбөйүүдө.

«Педофилия» диагнозу оорулардын эл аралык классификациясына киргизилген психикалык дарт. Азырынча анын дарысы табыла элек. Психологдор мындай дарты бар адамдардан коргонуу ата-энелерден көбүрөөк көз каранды дешет. Ал үчүн ата-эне баласы менен болгон байланышын чыңдап, чүрпөсүнүн жашоосуна тыкыр көзөмөл кылып туруусу керек.

Жазгүл КЕНЖЕТАЕВА
«Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 27-январы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!