"Эркин-Тоо"

Катар өлкөсү тарабынан мектептерге сууда сүзүү үчүн шарттарды түзүү сунушу айтылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-апрелде, Катар мамлекетинин Улуттук олимпиада комитетинин Президенти шейх Жоан бин Хамад Аль Танини кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик Администрациянын маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушууда спорттогу актуалдуу көйгөйлөр, анын ичинде олимпиадалык кыймылды илгерилетүү жана спорттук инфраструктураны чыңдоо маселелери талкууланды. Ошондой эле Катар тарап Кыргызстандын жалпы билим берүүчү мектептеринде сууда сүзүү боюнча долбоорду ишке ашырууну сунуштады.

Сүйлөшүүлөр жалпысынан спорт тармагындагы кыргыз-катар кызматташтыгын бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө багытталды.