"Эркин-Тоо"

КАТАР МАМЛЕКЕТИ ФУТБОЛ ОЮНУНУН ЧОРДОНУ БОЛУУДА

Дүйнөдөгү спорт оюндарынын биринчиси болуп саналган футбол оюну боюнча дүйнө чемпионаты келе жаткан жекшемби күнү башталганы турат. Футбол жер шарынын кайсы гана жеринде болбосун, мейли ал Африкада же Европада болсун футбол бойдон калат. Бул оюн бүткүл адамзатты арбап алганы талашсыз. Футбол кызыктуу оюн гана болуп саналбастан, ал дүйнө элдеринин башын бириктирген спорттун түрү болуп саналат. Футбол адамдарды расасына, улутуна, тутунган динине карап бөлүп карабайт. Азыркы өтүп жаткан дүйнөлүк чемпионат биринчи жолу Жакынкы Чыгышта, араб өлкөсү Катарда өткөнү жатат. Мунун өзү футболдун толеранттуулугун, прогрессивдүүлүгүн жана гумандуулугун көрсөтүүдө. Буга чейин дүйнө чемпионаты планетабыздын бардык континенттеринде өтүп келген. Ал чемпионаттардын баары адамзат тарыхындагы унутулгус окуялардан болуп калууда. Ошондуктан футбол адамзат үчүн зор мааниге ээ болуп келүүдө.

Футбол оюну жаралып, жер жүзүнө жайыла башталгандан бери мыкты чеберчилиги менен адамдарды суктандырып, тамшандырып таң калтырган көптөгөн футбол падышаларыкоролдору жаралды десек болот. Мисалы, Пеле, Марадона, Месси, Криштиан Роналдо, Роналдо, Зидан, Кройф, Беккенбауер, Ван Бастен, Буффон, Платини, Ранолдиньо, Лев Яшин. Дүйнөдөгү мындай футболчулардын тизмесин улантып отуруп жүзгө жеткирсе болот. Анткени, футбол жылдыздар футбол дүйнөсүнө биринин артынан бири келе беришкен. Алар дүйнөнүн футбол талааларында керемет чеберчиликтерин көрсөтүшүп, футбол күйөрмандарынын жүрөгүнөн түнөк табышкан жана алардын ысымдары футбол тарыхында ташка тамга баскандай түбөлүк сакталып калышкан.

Азыркы учурда да атаандаш футбол жылдыздары абдан көп. Алар Катарда өтө турган дүйнөлүк чемпионатта өздөрүн көрсөтүүгө абдан тырышышат. Алсак, Месси менен Роналдо Марадонадан, Пеледен кем калышпаган футболчулар. Бирок бул футболчулардын атагы канчалык таш жарбасын дүйнө чемпиону титулуна ээ болгон эмес. Ошондуктан Аргентина менен Португалия курама командалары дүйнө чемпиону болгонго болгон күчүн жумшашат.

Бүгүнкү күндө футбол адистери, журналисттер болжолдоодон баар табуу кыйын болгонуна карабастан фаворит курама командалардын аттарын аташууда. Мисалы, Бразилия, Аргентина, Германия, Испания, Франция ж.б. Кыскасы, Катарда көп кызыктар болору күтүлүүдө.

Эми Катар мамлекети кантип 2022-жылы өтүүчү футбол боюнча дүйнө чемпионатынын кожоюну болуп калгандыгына токтоло кетели. Албетте, дүйнөлүк чемпионатты өткөрүү укугун жеңип алуу оңой эмес. Биринчиден, чемпионатты өткөрүүгө талапкер болуп өтүүнүн өзү эле өтө татаал процесс. Анткени талапкер болгон өлкө чемпионатты өткөргөнгө канчалык каржылык дарамети, шарты бар экени каралат эмеспи. Бирок, Катар мамлекети дүйнөлүк чемпионат өткөргөнгө кудурети жетерине ишенген үчүн талапкер болгонго тапшырык ( заявка) берген тура. Кудай жалгап бул өлкө 2022-жылдагы дүйнөлүк чемпионатты өткөргөнгө талапкер катары кабыл алынып калган. Көптөгөн талкуулардан,сынактардан кийин АКШ сыяктуу ири талапкер өлкөлөрдүн ичинен 2010-жылдын 3-декабрында 2022-жылы 32 курама командалардын катышуусунда футбол боюнча дүйнө чемпионатын өткөрүүчү өлкө катары Катар мамлекети аталганда араб дүйнөсүнүн кубанычында чек жок эле. Анткени Катар арабдарынын Алладан күн-түн дебей суранган тилектери аткарылып жатпайбы. Чынында бул дүйнөлүк аброй эле. Анткени футбол боюнча дүйнө чемпионаты биринчи жолу араб дүйнөсүндө, мусулман өлкөсүндө өтө турган болду.

Анын өзгөчүлүгү чемпионатты өткөрүү адаттагыдай июнь-июль айларында эмес, ноябрь айынын аягынан тартып декабрь айынын ортосуна чейин белгиленип, ал 29 күнгө гана созула турган болгон. Финалдык оюн 2022-жылдын 18-декабрында Лусаилдеги 80 миң орундуу улуттук стадиондо өтө тургангандыгы белгиленген. Ошентип, Катар мамлекети чемпионатка даярдыкты ургаалдуу темпте жүргүзүп отуруп, мелдештер өтүүчү 8 стадионду куруп бүтүп ишке киргизген. Катар мамлекети стадиондорго абаны салкындатуу системаларын орнотуу менен абанын температурасын 27 градустан ашырбоого милдеттенме алышкан. Акырында айтаарыбыз, Катар өлкөсүндө 2022-жылдагы футбол боюнча дүйнө чемпионаты өтө кызыктуу өтөрүнө ишеним зор.

№102 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 18-ноябры
Абдимухтар АБИЛОВ

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!