Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна 6-декабрда Катардан профессор Абдулсалам Аль Кахтани жетектеген хирургдар тобу келет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, кол коюлган меморандумга ылайык, Катар өкмөтүнүн атынан Кайрымдуулук жана ислам иштери министрлиги бардык финансылык чыгымдарды, анын ичинде кохлеардык имплант системасын камсыз кылууну, хирургиялык операцияларды, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун хирург дарыгерин жана медициналык жардамчы персоналды окутууну өзүнө алат. Алар ошондой эле операциядан кийин балдардын эки жылдык реабилитациясын каржылайт.
«Операция жасалчу 50 баланы улуттук борбордун лор дарыгерлери атайын түзүлгөн комиссия менен биргеликте тандап алган. Жалпысынан бул программанын алкагында жылына 150 балага операция жасоо пландалууда. Ошол эле учурда кыргызстандык дарыгерлер мындай операцияларды жасоодо баалуу тажрыйбага ээ болушат. Буга чейин мындай операцияларды жасоо үчүн Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна кымбат баалуу микроскоп өткөрүлүп берилген», — деп кошумчалашты министрликтин басма сөз кызматынан.
Белгилей кетсек, операциялар Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жасалат.