"Эркин-Тоо"

Каттамдар жандана элек. Бишкек-Ош жолу жабык!

“Манас” эл аралык аэропорту туруксуз аба ырайына байланыштуу Бишкек Жалал-Абад аба каттамы жандана электигин билдирди.  Бүгүнкү рейс туруксуз аба ырайына байланыштуу толугу менен токтотулган. Эске салсак, кечээ Бишкектен Жалал-Абадга чыккан учак Ош аэропортуна конууга аргасыз болгон. Ал эми Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы учурда Бишкек — Ош трассасы толугу менен жабык экенин билдирди. Жол учурда тазаланып жатканы айтылды.

«Азыркы учурда Бишкек — Ош унаа жолунун тоолуу аймактарында калың кар жаагандыгына байланыштуу «Чычкан», «Сосновка» көзөмөл-өткөрмө жайларында унаа кыймылына чектөөлөр киргизилди. Жолдорду тазалоо иштери жүргүзүлүүдө», — деп жазылат маалыматта.

ЖКККББ айдоочулардан зарылчылык болбосо алыскы аймактарга чыкпай турууну өтүнүп, дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырууну эскертти.