Атакул Жакыпов деген акын жөнүндө көп эле угуп, бирок көрө элек болчумун. Көкүрөгүнөн чыккан оттуу ырлары көктү жаркыткан улуу инсандын жанынан көрүшүп, таанышып, көпчүлүктүн катарында 2024-жылдын 25-апрелинде Бишкек шаарындагы Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада поэзия кечесине катышып, кубануу менен эки ооз куттук сөз айтуу менин да шыбагама буюруган эле. Атакул Жакыповго жолуккандан кийин, акын деген ким? Ыр жазып, китеп чыгарып, ар кыл даражадагы мамлекеттик сыйлык, наам алгандардын баары эле чындап эл сыйлаган Эл акындарбы? – деген суроо оюма кайра-кайра келе берчү болду. Көркөм чыгармадагы шедевр кандай болот? – деп ойлоном да, кайра ал суроомо, ал так эле Атакул Жакыповдой жөнөкөй болот. Анын ырларын окуган адам, “муну мен деле жазмакмын,” деп ойлонот. Бирок, андай мыкты чыгарманы жаратыш үчүн Атакул Жакыпов болушу керек, – деп жооп берем. Шедевр – жөнөкөйлүктөн куралган башкы эмгек эмеспи. Ал кайталангыс, маданыят-искусстводогу чеберчиликтин теңдешсиз жетишкендиги.
Тээ Шумерлердин цивилизациясында да поэзия көрүнүктүү орунду ээлеп турганы маалым. Ал доордун “Гильгамеш” эпикалык чыгармасы биздин заманга чейинки 2100-жылдары Урдун Үчүнчү династиясында жазылып, бирок муундан-муунга оозеки айтылып келип, автору ким экени белгисиз болсо да бизге чейин жетип келбедиби. Бүгүнкү күндө салыштырмалуулук менен “Гильгамеш” мифологиялык легендасына карата Шумерлердин маданият деңгээли бааланып келет. Демек, мыкты чыгарма жараткан акын ошол элдин маданиятынын барометри, – деп айтууга негиз бар. Ал эми маданият деген – адамдарда калыптанган баалуулуктар, нормалар, үрп-адаттар, ишенимдер жана ырым-жырымдар, билим-илим, жөндөмдөр, техника жана технологиялар, ой жүгүртүү, иш-аракет, өз ара аракеттенүү жана коммуникация ыкмалары. Ошону менен бирге философия, тарых, социология, лингвистика, этнолингвистика, этнология, психология, экономика, саясат таануу, искусство таануу, табият таануу жана педагогиканы изилдеп окуу предмети – бул маданият.
Биз сөз кылып жаткан Атакул Жакыповдун ырларында Кыргыз элине, аны менен бирге жалпы адамзатка таандык улуу маданият бар. Сөзүбүз куру болбос үчүн келиңиз окурман, калемгердин 2023-жылы жарык көргөн “Жымжырт дүйнө” китебиндеги ыр саптарынан кыскача үзүндүнү чогуу окуйбуз:
Ээн талаа, эски бекетте,
Эсептешпей таңдар, өтөт кеч.
Куса толгон көздөр сагынуу,
Поезддердин тынбайт агымы.
Кыяк үнү эзип жанымы,
Күтүүдө өтөт өмүр жарымы.
Бук толгон үн, көңүл ой эзген
Бекет бойлоп өтөт поезддер.
Шыбак жыттуу талаа, ай кезет
Шыбырашып турган байчечек.
Ар бир сабы философиялык ойлордун уюткусун камтыган бу ыр саптарын окуганыңда, пенде жашоосундагы бүтпөгөн сапар, жүрөктү мыкчыган санаркоо, толкундоолор, узатуулар, тосуп алуулар, сагынуу менен кусалыктын символу болгон поэзддердин бекеттеринен кантип өзүң адам тагдырына чиркелген вагондордун локомативине айланып, шаар, кыштакты, дайраларды, деңиздерди, чөлдөрдү аралап, бирде өр тартып, бирде ылдый көздөй, бирде мемиреген тегиздикте жүрүп отурганыңы сезбей каласың. Ошол күтүү менен күттүрүүгө байланган тирүүлүк сапарында кыяк үнү сыяктуу жүрөктү эзген бир бук толгон мукам үн коштоп жүргөнүнө, тагдыр менен кашкөй тизгин талашкан бул тирүүлүктүн катаал сапарында айланаңы карасаң шыбырашкан байчечек менен шыбык жыттуу талаалардын адамдар сыяктуу ай-аалам кезип кусалыктан эрчишип, кубалашып баратканына күбө болосуң.
Кызгалдактар кызыл кыз дүйнө,
Кусаланат кечте, күүгүмдө.
Жортуп өтөт шамал. Жомоктой
Жаштык күндөр кайда жоготкон.
Дүбүртүндөй аттын буулуккан
Дүйнө кезип өтөт булуттар.
Мейкиндикте мезгил элеси
Мисирейет жайып желесин.
Сагынычын алган жүгөндөп
Санаркоонун сааты түгөнбөйт.
Ай кучактап өткөн түн калат
Айтчы кыяк мынча муңканат!..
Эгер адам – пенде дүйнө коомчулугун кооптонтуп-түйшөлтүп келе жаткан технологиялык жандыкка айланып кетпей, биологиялык жандык боюнча түбөлүк калса, анда кызгалдактарды – кызыл кыз дүйнө көрүп же кыздарды кызгалдактай көрүп, жаштыгын жоготкон жомок күндөргө, буулуккан аттын дүбүртүндөй дүйнө кезген булуттарга, мисирейип жайып койгон мезгилдин желесине, сагынычын жүгөндөп алса да санаркоонун сааты түгөнбөгөн мезгил агымына күбө болуп, ай кучактап калган түндө кусалыкты коштоп кыяк кылдарынын үнүнөн чыккан муңдуу дабышты жүрөгү анчейин кабылдай бербесе болбой тыңдап, сан ойго батып, турмуш кечирүүсү талашсыз.
Көктө сызат сапар арыткан
Каркыралар кылым карыткан.
Жолдо күткөн бороон, бурганак
Жолоочуга мынча сурданат.
Эски бекет, ээн талаада
Эзет шамал, эзет санаалар.
Жүргүнчүлөр тиктейт баратып
Желаргыга чачын таратып.
Уйкусу жок түндө караңгы
Убайымга жанды саламбы.
Атакул Жакыпов, же бакшы же жакшы экени белгисиз айгай салып, ак урган кебир жазмакерлерге окшоп Эвересттин үстүнө чыгып алып кыйкырбайт. Болгону желаргыга чачын тараткан жүргүнчүлөрдү каратып коюп, өзү көктө сызып бараткан сапарында кылым карыткан Каркыраларды эски бекетте карап туруп эле миң-миңдеген чексиз ааламды чабыттап, акыл калчап, философиялык терең ой бөлүшөт. Жолдо күткөн жолоочуга сурданган бороон, бурганакты, шамалды көрүп санаалардын эзүүсүндө калат. Окурманды ойлордун динамикалык тереңдиги менен бийиктигине жетелеп жүрүп отуруп окуянын каарманына айлантып, уйкусу жок караңгы түндө, жанын убайымга салууга аргасыз кылат. Мындан Атакул Жакыповдун психологизм принциптерин өтө чебер колдонуп, окурмандын жүрөгүнөн орун алганын көрөбүз.
Сүрөткердин табиятты сүрөттөгөнүн караңыз:
Ак шоокум дайра четине
Ай курган шоола көпүрө,
Тамылжыйт нурлар, тамылжыйт
тайгылып түшүп бетинен.
Көпүрө, дайра жээгине
Көлкүгөн жарык төгүлөт,
көркөмү кымбат бу дүйнө
көгүлтүр нурга чөмүлөт.
Жыбырап дайра ирими
Жылдыздар сууга киринип,
селкинчек тээп турат ай
сөйкөдөй көктө илинип.
Чыныгы талант гана табиятты мына ушундай көрүп, мына ушундай ыр жазат. Караңызчы окурман, көркөм сөз каражатын колдонууда тиешелүү окуу жайларга мисал келтирип сабак өтчү саптар экен! Ак шоокум дайра четине айдын шооласы көпүрө болуп түшкөнүн, айдын тамылжыган нурлары тайгылып келип дайранын бетине түшкөнүн, дайранын ириминде жылдыздар жыбырап сууга түшүп калганын, сөйкөдөй көктө илинип айдын селкинчек тээп турганын көрбөгөн кыргыз баласы чанда кездешсе керек. Бу сөз зергери, сегиз муун өлчөмдөн турган үч строфага табигаттын өзгөчө бир керемет сулуулугун ашык-кем боёгу жок, кандай болсо так ошондой сөз кудирети менен пейзаж тартып, алакандай полотного батырып койгон. Мындан биз Атакул Жакыповду – тубаса табият таануучу катары сыпаттап, пейзажист акын деп айтсак жаңылышпайбыз.
Жогоруда Атакул Жакыповдун адам – пенденин аалам алкагындагы табигат менен жуурулушуп күн кечирген турмуш-тиричилигин кандай сүрөттөгөнүнө күбө болдук, эми кезекти арзуу ырларына берели:
Талпынып ак таң менен
таң эшик аттар менен,
тирүүлүк шамын жагып
түрүлүп каттар келген.
Ой артын күтпөй калган
Окулуп бүтпөй калган,
каттарың жүрөктү эзет
калганы баары жалган.
Кечиккен каттарың ай
Кулпурган чачтарындай,
көгүчкөн болуп учкан
көк мейкин асманымда.
Көөнөрүп калган бөздөй
Кагазда калган сөздөр,
жылт эткен үмүтүмдү
жылытып турчу көздөр.
Улуу кыш. Жаздын алды
унутулуп калды баары,
калдактап көлдө сүзөт
каттардын айрыктары,
көңүлдө жанбай калды
көктөм ыр кайрыктары.
Талпынып ак таң менен таң супа салар замат, тирүүлүк шамын жагып, почтальондун атына артылган кош куржундун көзүндө түрүлүп каттар келген өзүнүн жаштык доорун Атакул Жакыповдон башка дагы ким ушинтип ийине жеткире ырга салды болду экен? Ошол басып өткөн жолго кылчайып назар салып карасаң, ой артын күтпөй калган, окулуп бүтпөй калган, каттар гана жүрөктү эзет, а калганы баары жалган экенин чындап мезгил өткөндө сезесиң. “Улуу кыш. Жаздын алды, унутулуп калды баары, калдактап көлдө сүзөт, каттардын айрыктары.” Мында сүрөткердин адабияттагы символисттик ыкманы жогорку чеберчиликте кылдат колдонуп, айтылбаган, кыйытма, сырдуу образдар аркылуу көркөм чыгарманын мазмуну менен формасын гана эмес маани-маңызына болгон мамилесин да абдан бийиктикке көтөрүп чыкканын байкоого болот. “Күздөн корк кыш келет, Кыштан коркпо жаз келет,” деп жаз келери менен кылычын сунган кырк чилтендүү кыш унутулгандай, ой артын күтпөй, окулуп бүтпөй жүрөктү эзген өмүрдөгү ошол чындык, өз мезгили келгенде калдактап көлдө сүзгөн каттардын айрыктарындай үбөлөнүп каларын сүрөткер мерчемине жеткире өзгөчө сүрөттөгөн.
Андан ары карай окуйбуз:
Боз-Көлмөдө бейити бар атамдын
бетегелер сүйлөйт мында ар башка,
окторулуп өтүп жылдар катары
онунчу ирет жамгыр жаап, кар баскан.
Шай оодурган жымжырт дүйнө дирилдеп
Шыбырашат шыбактардын тилинде,
Мала, кызыл күн нуруна киринген
мында мезгил жалгандыгы билинбейт.
Чүчкүрүшөт боз шыбактар чаң жуткан
чимирилип бийлейт куюн бул жерде,
Чексиз аалам жатат ойлуу унчукпай
чарчап бүткөн мала кызыл ирмемде.
Мында Өзбек Эл жазуучусу Өткүр Хашимовдун 1980-жылдарда жазган (ДУНЁНИНГ ИШЛАРИ) аңгемелер жыйнагындагы энесинин мүрзөсүнө барып сүйлөшкөнүн сүрөттөгөн чакан чыгармасы эске түшөт. Анда жаз мезгили эң биринчи арыктардын жээгине эмес, мүрзөлөрдүн үстүнө келери, кызгалдактар эң биринчи ошол мүрзөлөрдүн үстүнө үйүлгөн топурактарда гүлдөөрү… сүрөттөлөт. Өзбек туугандар Өткүр Хашимовдун чыгармаларын прозадагы поэзия деп сыпатташат. Кыргыз адабиятында прозадагы поэзияны бизге чебер калемгер Мурза Гапаров калтырып кеткенин окуп жүрөбүз. А бул Атакул Жакыповдун атасынын мүрзөсү жөнүндө жазган ырын поэзиядагы драма деп айтууга болот. Кудайдан кийинки урмат-сыйга арзыган АТА жөнүндө мындай мыкты чыгармаларды чыныгы атанын уулдары гана жазат. “Шай оодурган жымжырт дүйнө дирилдеп, шыбырашат шыбактардын тилинде, мала, кызыл күн нуруна киринген мында мезгил жалгандыгы билинбейт.” Ооба, “жашоо жалган, өлүм ак” деп бекер айтылбаган чыгар. Чындык мүрзөдө, ошондуктан ал жерде мезгилдин жалгандыгы билинбейт. Адамдар мүрзөгө барганда – чындыкка, Кудайга жакындай түшкөнүн сезет.
Атакул Жакыпов 1979-жылы ОшМУнун филология факультетин бүтүргөндөн кийин, өзү туулуп-өскөн Лейлекте, “Алга” райондук гезитинде журналист болуп эмгектенип, акыркы 35 жылдан бери Лейлек районунун Коргон айылында, Козу-Баглан дарыясынын жээгинде Курбаналы Сабыров атындагы орто мектепте кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп иштеп келе жатыптыр. Ошол мектепте окуган окуучулар Атакул Жакыповдой улуу инсандан билим алганынын өзү зор сыймык. Ай-ааламды камтыган асыл чыгармаларды Бишкек, Париж, Лондондо жүрүп эмес, Лейлектеги “Коргондо” жүрүп да жаратса болорун Атакул Жакыпов деген мыкты акын далилдеп койду. Ал 1982-жылы “Жашыл арал,” 1986-жылы “Ички кайрыктар,” 1999-жылы “Айдың кеч,” 2008-жылы “Күүгүмдөгү кусалык,” 2012-жылы “Дил кайрык,” 2013-жылы “Ай чапчып аккан дайра,” 2016-жылы “Айрылыш жолдор,” 2023-жылы “Жымжырт дүйнө” ыр жыйнактарын китеп кылып чыгарган. Аталган ар бир эмгегин окуп чыгып, өзүнчө сөз кылууга арзыйт.
Сөз соңунда акын агабызга чыгармачылык ийгилик, бактылуу, бардар, бакубат жашоо, дөөлөттүү карылык, узак өмүр тилейбиз.
Төмөндө 1985-жылы Улуу жеңиштин 40 жылдыгына карата эки залкар талант Атакул Жакыпов менен Хабибилла Азиреткуловдун эмгегинен жаралган, элге кеңири белгилүү “Эстелик” аттуу обондуу ырга назарыңыздарды буруу менен сөзүбүздү жыйынтыктайбыз.
Сɵзʏ: Атакул Жакыповдуку
Обону: Хабибилла Азиреткуловдуку
ЭСТЕЛИК
Аттанган тууган жер ʏчʏн,
Аттанган кутман эл ʏчʏн.
Гʏл коюп, эскер, ыйлаба,
Уулуңар жоокер эр ʏчʏн.
Эстелик жанына келип,
Энелер, ыйлабагыла.
Уулуңар тирʏʏ биз менен,
Сезимди кыйнабагыла.
Жан берип, кандуу кармашта,
Кайткан жок, кайра батыштан.
Эстелик болду эми алар,
Тʏбɵлʏк отто жанышкан.
Тосушуп таңды атарда,
Узатып кʏндʏ батарда.
Тʏбɵлʏк тирʏʏ турушат,
Уулуңар биздин катарда.
https://www.youtube.com/watch?v=OnLDk145u2k
Бахпурбек Аленов