"Эркин-Тоо"

Катуу шамал мектептин чатырын учуруп кетти

Таласта катуу шамал мектептин чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Айтматов районуна караштуу Жон-Дөбө айылында бүгүн, 22-январда ылдамдыгы секундасына 25-30 метрге жеткен катуу шамал катталып, Р.Осмонов атындагы орто мектебинин чатырын учуруп кеткен. Айтматов райондук Жарандык коргонуу комиссиясынын өкүлдөрү жеринде тиешелүү иш-чараларды жүргүзүп, кырсыктын кесепетинен келтирилген чыгымдарды такташууда. Жабыркагандар жок.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!