Кечээ, 18-майда, катуу шамал Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы бир катар турак үйлөрдүн, социалдык жана чарбалык объектилердин чатырларын учуруп кеткен.
Ысык-Көл облусунда жалпы 5 көп кабаттуу үй, 217 турак үй, 17 социалдык объект, 127 чарба курулуш, 3 унаа, 26 трансформатор зыянга учурап, 139 бак кулаган. Бул объекттер Ак-Суу, Жети-Өгүз, Түп жана Тоң райондорунда катталган.
Нарын облусунда 30 турак үй, 43 сарай, 1 мектеп, 1 маданият үйү, 1 дүкөн, 5 короо (навес), 7 дубал жана башка курулуштар зыянга учураган.
ӨКМ: «Бүгүн, 19-майда, жабыркаган аймактарда Жарандык коргонуу комиссиялары тактоо иштерин улантууда. Кошумча маалыматтар берилет», — деп билдирди.