Италияда аптаптуу ысык аба ырайынын кесепетинен эки адам каза болду. Бул тууралуу ANSA маалымат агенттиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, каза болгондордун бири — 53 жаштагы аял. Жүрөк оорусу менен жабыркаган аялдын Палермо районундагы көчөдө эс алып отурган жеринен жүрөгү токтоп калган.
Экинчи учур Бологна аймагындагы курулушу жүрүп жаткан автоунаа токтотуучу жайда катталган. Ал жерде иштеген 47 жаштагы мигрант жумуш учурунда ысыктын таасиринен улам көз жумган.
Мындан тышкары, Виченца шаарындагы курулуш объектилеринин бириндеги эки жумушчу ооруканага жеткирилген. Алардын биринин оор абалда комага түшкөнү кабарланды.