"Эркин-Тоо"
Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү

Казакбаев Руслан Айтбаевич

Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министри.

Кичи мекени: Талас облусунун Кара-Буура районундагы Бейшеке айылы;

Туулган жылы: 1967-жылдын  18-майы;

Билими: Жогорку. 1991-жылы Фрунзе политехникалык институтунун «Унаа жана унаа чарбалык» автоунаа куруу бѳлүмүн;

2002-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык бѳлүмүн;

2004-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясын ийгиликтүү аяктаган.

Эмгек ишмердүүлүгү:

1991-1992-жж. №4 Бишкек жүргүнчүлөр автопаркынын жетектөөчү адиси, бөлүм башчы, директордун орун басары;

1992-1994-жж. Кыргыз Республикасынын илимдер академиясында алгачкы ишмердигин баштаган.

1994-1995-жж. Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясынын илимий редактору;

1995-1996-жж. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин  Консулдук башкармалыгы, үчүнчү жана экинчи катчы;

1996-1999-жж. Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы (Түркия), Башкы консулдун орун басары;

1999-2005-жж. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Консулдук кызматтын Башкы башкармалыгынын кеңешчиси, бөлүм башчысы, жетекчинин орун басары, жетекчиси;

2005-2009-жж. Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы (Түркия) Башкы консул кызматы;

2009-ж. январь-октябрь — Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары;

2010-ж. апрель — Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмѳтү, тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу;

2010 — 2012-жж. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;

2012-ж. октябрь-ноябрь Бишкек шаардык кеңеши, «Республика» саясий партиясынан депутаттыгына талапкер;

2015-ж.  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышы, «Республика – Ата-Журт» саясий партиясынын депутаты;

2020-жылдын 13-октябрынан тартып  Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри.