"Эркин-Тоо"

Казакстан парламентинин сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев баштаган делегация келди

Бүгүн Кыргызстанга Казакстан парламентинин сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев баштаган парламенттик делегация келди.

Делегацияны «Манас” эл аралык аэропортунан Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев тосуп алды.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкекке КМШга мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын күзгү сессиясына катышуу үчүн Орусия, Азербайжан, Беларусь, Армения, Өзбекстан жана Тажикстандын парламенттик делегациялары келишкен.