"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Казакстан президенти кыргызстандык ишмерлерди «Достук» ордени менен сыйлады

Бүгүн, 22-августта, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда кыргызстандык мамлекеттик жана коомдук ишмерлерге «Достук» орденин тапшырды.

Эки өлкө ортосундагы достук жана союздаштык мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн:

  • I даражадагы «Достук» ордени менен Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев сыйланды.

  • II даражадагы «Достук» ордени менен Жогорку Кеңештин депутаты Дастанбек Жумабеков, Президенттин кеңешчиси Арслан Койчиев жана коомдук ишмер Аскар Салымбеков сыйланды.

Салтанатта сөз сүйлөгөн Касым-Жомарт Токаев бул сыйлыктар боордош кыргыз элине болгон ыраазычылыктын жана урмат-сыйдын белгиси экенин белгиледи.

«Бүгүнкү окуя казак-кыргыз мамилелеринин тарыхында элдерибиздин түбөлүк боордоштугунун жана коңшулаштыгынын символу катары алтын тамгалар менен жазылып калат деген ишеничтемин», – деди Казакстандын президенти.