"Эркин-Тоо"

Казакстанда 63 миңге жакын кыргызстандык бар

Учурда Казакстан Республикасынын аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын саны болжол менен 58-63 миң адамды түзөт.

Кыргыз жарандарынын негизги бөлүгү Казакстандын түштүк аймактарында (40-45 миң адам) жайгашканын аталган өлкөдөгү кыргыз элчилиги кабарлады.

Алардын арасында тилекке каршы, Кыргызстандын 86 жараны  бул өлкөнүнүн жаза аткаруу тутумунун мекемелеринде жазасын өтөп жатат. Эркиндигинен ажыратуу жазасын өтөп жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарынан тиешелүү кайрылуулар келип түшсө, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү бул категориядагы жарандарды Кыргыз Республикасынын аймагына жаза мөөнөтүн андан ары өтөө үчүн которууга зарыл болгондо көмөк көрсөтүшөт.

Мээрим БАКТЫБЕК кызы

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!