Адам өлтүрүүгө катышкандыгы үчүн Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн казак жараны кармалды.
2023-жылдын 26-сентябрында УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагынан 1995-жылы туулган Казакстандын Алматы шаарынын тургуну А.Г.М. кармалды. Ал расмий өтмөктөрдү айланып, казак-кыргыз мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өтүп, андан соң эл аралык “Манас аэропорту” аркылуу үчүнчү мамлекеттерге кетүүнү көздөгөн.
КР УКМК тарабынан Казакстандын жараны А.Г.М. карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси («Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү») боюнча кылмыш иши козголуп, 2023-жылдын 27-сентябрында Октябрь райондук сотунун чечими менен Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына 2 айлык мөөнөткө камакка алынды.