"Эркин-Тоо"

Казакстанда бороондон улам өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Казакстандын Жамбыл облусунда катуу сууктан жана бороондон улам өзгөчө кырдаал режими киргизди. Аба ырайы кескин начарлагандыктан 12-декабрдан бери этап-этап менен жолдор жабылууда.

14-декабрда саат 23:00гө карата 1 200дөн ашык адам эвакуацияланып, Кордай районундагы жылуулук түйүндөрүнө жайгаштырылган. 14-декабрда жолдорду кар басып, автоунаалар дале тыгында турганы маалымдалды.

15-декабрда бийлик 2413 адамды, анын ичинде 90 баланы куткарганын маалымдады. 600дөй адам үйүнө кайтып, 1813 адам жылуулук түйүндөрүнө жеткирилген. Үч адам Кордай райондук ооруканасына жаткырылды, алардын абалы туруктуу деп бааланган.

Белгилей кетсек,  Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги  Казакстандын Алматы-Ташкент автожолундагы кар күрткүсүнөн улам жол тыгынында калган кыргызстандыктарга куткаруучуларды жөнөткөн. Учурда куткаруу иштерин жүргүзүүдө.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!