"Эркин-Тоо"

Казакстанда буттары, кабыргалары сынган абалда табылган кыргыз жараны боюнча иликтөө жүргүзүлөт

Казакстанда буттары жана кабыргалары сынган абалда табылган Кыргызстандын жараны Чолпонбек Сыдыковдун ден соолугуна зыян келтиргендерди жоопкерчиликке тартуу аракети көрүлөт. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Ага ылайык, учурда министрлик Казакстан тарап менен Чолпонбек Сыдыковго байланыштуу окуянын бардык жагдайларын тактоо жана анын денесине оор залал келтирген күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.

Эскерте кетсек, Казакстанда жоголгон кыргызстандык Чолпонбек Сыдыков эки буту жана үч кабыргасы сынган абалда табылган. Акыркы маалыматтар боюнча Чолпонбек Сыдыков Бишкекке алынып келе жатат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!