"Эркин-Тоо"

Казакстанда кыргыз драма театры койгон спектакль көрсөтүлөт

Кыргыз улуттук академиялык драма театры койгон Мухтар Ауэзовдун чыгармасынын негизиндеги “Енлик-Кебек” спектакли Казакстандын Кызыл-Ордо, Түркстан, Чымкент, Тараз аймактарында гастролдук турне менен болот. Бул тууралуу Эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы Султан Раев билдирди. Анын айтымында, иш-чараны казак жазуучусу Мухтар Ауэзовдун 125 жылдыгына карата ТҮРКСОЙ уюму уюштурууда. Раев ушул күндөрү иш сапар менен Казакстанда жүргөнүн, анда иш-чараны уюштуруу маселеси талкууланганын айтты. Бирок турненин качан болорун тактаган жок. ТҮРКСОЙ өз ишмердүүлүгүн Түрк Кеңеши, Түрк академиясы, Түрк маданияты жана мурасы фонду менен биргеликте жүргүзөт. Ошондой эле ЮНЕСКО жана ИСЕСКО уюмдары менен кызматташат. Мындан тышкары ТҮРКСОЙ көптөгөн муниципалитеттер, университеттер жана өкмөттүк эмес уюмдар менен ар кандай кызматташат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!