"Эркин-Тоо"

Казакстанда Кыргызстандын кино күндөрү өтүүдө

Кыргызстандын Казакстандагы маданият күндөрүнүн алкагында Астана шаарында Кыргыз кино күндөрү өтүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематография департаментинен билдиришти.

Кино күндөрүнүн ачылышы кечээ, 26-октябрда «Керуен» соода-оюн-зоок борборунда болгон. Ал 29-октябрга чейин уланат.

Бул саамалыктын алкагында казакстандык көрүүчүлөрдүн назарына Артыкпай Сүйүндүковдун «Шамбала», Айбек Дайырбековдун «Дарак ыры», Эмил Атагелдиевдин «Көл» жана Бакыт  Мукул менен Дастан Жапар уулунун «Акыркы көч» тасмалары сунушталат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!