Бүгүн, 10-июнда, Казакстанда жаңы Суу кодекси расмий күчүнө кирди. Бул тууралуу Казакстандын Суу ресурстары жана ирригация министрлиги маалымдады.
Жаңы кодексте “суу коопсуздугу”, “экологиялык агым” сыяктуу түшүнүктөр мыйзам түрүндө бекитилип, сууну коргоо жана рационалдуу пайдалануу маселеси башкы орунду ээледи.