Казакстанда 20 миллионунчу жаран төрөлдү. Бул тууралуу өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев X социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди .
«Казакстандын калкы 20 миллионго жетти! Мекендештеримди бул маанилүү окуя менен куттуктайм! Бактылуу үй-бүлө – улуттун бакубаттуулугунун жана өлкөнүн туруктуу прогрессинин негизи. Мамлекет үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө, эне жана баланы коргоо боюнча иштерди улантат», — деп жазды.
Tengrinews.kz сайтынын маалыматына ылайык, калктын маалымат базасынын көрсөткүчтөрүнө ылайык, өлкөнүн 20 миллионунчу калкы 2023-жылдын 14-ноябрында саат 08.10до төрөлгөн беш бала. Алардын арасында 3 уул, 2 кыз бар.
Ведомство белгилегендей, Казакстандын 19 миллионунчу жараны мындан эки жыл мурун август айында төрөлгөн.

