Казакстандын Коргоо министрлиги Кыргызстан менен Тажикстанга көрсөтүлө турган аскерий-техникалык жардам тууралуу түшүндүрмө берди. Маалыматка ылайык, Казакстандын эки коңшу мамлекеттин ортосундагы чек ара чырынын ырбашына түрткү берүүгө ниети жок.
2019-жылы декабрь айында Тажикстан тажик-ооган чек арасындагы кырдаалдын оорлошуна байланыштуу аскерий-техникалык жардам берүүсү үчүн Казакстанга кайрылган. Андан кийин кайтарымсыз түрдө аскерий-техникалык жардам берүү боюнча өкмөттөр аралык макулдашуу иштелип чыгып, ага 2021-жылдын 17-апрелинде кол коюлган.
Ушундай эле макулдашууга 2-мартта Кыргызстан менен кол коюлган.
“Башкача айтканда, Кыргызстан жана Тажикстан менен болгон макулдашууларга чек арадагы чырдын курчушуна чейин кол коюлган. Учурда кол коюлган макулдашууларды ратификациялоо боюнча иштер жүрүп жатат. Кыргызстан менен Тажикстанга аскерий-техникалык жардам кырдаал турукташып, тараптар ортодогу пикир келишпестиктерди жөнгө салуу тууралуу макулдашууга жеткенден кийин гана бериле баштайт”, — деп билдирет Казакстандын Коргоо министрлиги.