Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев коронавируска каршы Орусиянын өндүрүшүнөн чыккан «Спутник V» вакцинасын алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымат булактарына кабарлаган.
Маалым болгондой, Орусия вакциналарды өндүрүүдө казакстандык фармкомпания менен келишим түзүп, Токаев алган орусиялык вакцина Казакстандагы Караганда фармацевтикалык комплексинде чыгарылган.
Казакстанда Орусиянын «Спутник V» вакцинасы Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан каттоодон өткөн.