"Эркин-Тоо"

Казакстандын президенти Садыр Жапаровду жаңы Конституциянын кабыл алынышы менен куттуктады

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровду жаңы Конституциянын кабыл алынышы менен куттуктап, кыргыз элинин бакубаттуулугу жана келечеги үчүн жооптуу миссиясында чоң ийгиликтерди каалады.

Куттуктоо телеграммасында мындан тышкары Нур-Султан Бишкекке ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендиги тууралуу айтылды:

«Эл тарабынан колдоого алынган Баш мыйзам Кыргызстанды өнүктүрүүнүн, суверендүүлүгүн коргоонун жана коомду андан ары консолидациялоонун узак мөөнөттүү стратегиясынын негизин түзөт. Сиздин демилге жана реформаларыңызды ийгиликтүү ишке ашыруу кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөөгө, өлкөнүн эл аралык аренада кадыр-баркын жогорулатууга өбөлгө түзөт. Казакстан Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү жана союздашы катары мындан ары дагы ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр».

Эске салсак, Садыр Жапаров 5-майда жаңы Конституцияга кол койду. Жаңы Баш мыйзамда кыргыз өкмөтү министрлер кабинети болуп өзгөрдү.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!