"Эркин-Тоо"
Аймак Жаңылыктар

Кең-Сай конушуна толугу менен электр жарыгы берилди

Ош шаарындагы Кең-Сай конушуна 150 даана электр мамычасы орнотулуп, СИП тибиндеги электр кабелдери тартылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы кабарлады.

Ошондой эле 4 даана жаңы трансформатор коюлуп, 3 даана эски трансформатор алмаштырылды.

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев аткарылган иштер менен жеринен таанышып, айрым үйлөргө кирип, электр энергиясынын берилишин текшерип көрдү.