"Эркин-Тоо"

Кечээ Баткен менен тажик тараптын жетекчилери жолугушту

Кечээ, 17-майда кечки саат 20:00дө, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода кыргыз-тажик чек арасында жолугушканы кабарланды.

Маалыматка ылайык, алар ошол эле күнү Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Ворух айылында 2 тараптын жарандарынын кармалышы боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, кыргыз жарандарын сабаган тажик жарандарын, мыйзам чегинде жоопко тартуу макулдашылды. Ошондой эле, чек ара аймагында буга чейин орун алган окуялардын кайталануусуна жол бербөө, чыр-чатактардын алдын алуу, аймакта коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча биргелешип иш алып баруу сүйлөшүлдү. Чек ара аймактарындагы маселелерди ыкчам чечип туруу максатында, Баткен жана Согди облустарынын башчылары, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен биргеликте чек арада жума сайын жолугууларды өткөрүп турууну макулдашышты.

Жыйынтыгында, Ак-Сай айылы менен Ворух айылынын кесилишкен жерине, 2 айылга кирген жана чыккан жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн милиция кызматкерлеринин биргелешкен посту коюлду. Чек аранын кооптуу участкалардында 2 мамлекеттин чек арачыларынын биргелешкен патрулу түзүлдү. Эки тараптуу сүйлөшүү түнкү саат 24:00го чейин уланып, ага эки облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышты.

А.Алимбаев Баткен районунун Ак-Сай айылынын эли менен да жолугуп, түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлдү. Учурда Баткен облусунун чек ара аймактарында абал стабилдүү.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!