"Эркин-Тоо"

КЕЧЭЭГИ КЕСЕЛ, БҮГҮНКҮ БЕЧЕЛ ЭНЕРГЕТИКА ТАРМАГЫ

Быйыл Токтогул суу сактагычында суунун көлөмүнүн аздыгына байланыштуу кыштын күнү электр энергиясы тартыш болорун, ошондуктан, аны үнөмдүү колдонуу керектигин, Кыргызстанда курула баштаган ГЭСтерибиз бүтөрү менен, бул маселе толук чечилерин, ушундан улам, “30 жыл чыдап келген жаныбыз дагы 3 жыл чыдап коёлу” деген пикирин билдирген Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Фейсбуктагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасады.

 Коомдо бул билдирүү боюнча кайчы пикир жаралганы менен көпчүлүгү түшүнүү менен кабыл алышты окшойт. Өкмөт башчынын маалыматына ылайык, 2023-жылдан 2026-жылдын соңуна чейин жалпысынан 4ГВт 700 МВт ашуун кубаттуулуктагы 48 ГЭС жана 5 ГВт 700 МВт кубаттуулуктагы 15 күн менен шамалдан энергия алуучу станциялар курулуп, Токтогул, Үч-Коргон ГЭСтери реконструкцияланып, кошумча 276 МВт кубаттуулук кошулуп, ал эми КамбарАта-1 жана Камбар-Ата-2 курулуп бүтсө, 2000 МВттан ашуун электр энергиясы өндүрүлө баштайт экен. Бул эми келечектин иши.

Бүгүнкү күндө электр энергиясын пайдалануу эки эсеге өсүптүр. Суу-энергетикалык ресурстарына байбыз дегенибиз менен электр энергиясы боюнча кошуна өлкөлөргө көз каранды болуп калыптырбыз. Дээрлик 3 млрд кв/саат электр энергиясына муктаж экенбиз.

Эми маселенин төркүнүнө келели. Эгерде, 30 жылдын ичинде суу-энергетикалык ресурстарды натыйжалуу пайдаланып келгенибизде бүгүнкү күндөгү өлкөдөгү кризистик кырдаал жаралмак эмес. Эң кызыгы, эгемендүүлүккө жеткенден бери өлкөдөгү кредит жана грант “жегичтердин” башында дал ушул энергетика тармагы турат экен. Бир сөз менен айтканда жалаң кредит, гранттын эсебинен “жан” багып келиптир. 1992–2020-жылдары энергетика тармагына алынган тышкы жардамдын суммасы 2,25 млрд долларды же болбосо өлкөнүн жалпы тышкы карызынын 19,6% түзгөн. Анын 334,11 млн доллары (14,9%) гранттык, 1,91 млрд доллары (84,1%) насыя түрүндө алынган карыздар болсо, насыянын 43,8%ы Кытайдын “Эксимбанкынан” алыныптыр.

Алынган карыздардын дээрлик 95% “Улуттук электр тармактары” менен “Электр станциялары” компанияларына туура келет экен. Дүйнөдөгү насыя берүүчү уюмдардын баардыгынан миллиондогон доллар кредит алынганы менен тармак чыгашыга иштеп келиптир. Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин маалыматы боюнча учурда Кыргызстандын энергетика тармагынын карызы 137 млрд сомдон ашык экени белгилүү болду.

Отуз жылда оту күйбөгөн энергетика сектору эмнелерди гана башынан кечирбеди. Союздун учурунда өлкөнү электр энергиясы менен камсыз кылууда бирдиктүү саясат жүргүзгөн мамлекеттик мекеме чет элдик “акыл кошчулардын” ишаараты менен алтыга бөлүнүп, ар бири өз алдынча саясат жүргүзүп, тармакта башаламандык өкүм сүрдү. Миллиондогон долларлаган кредиттердин жиги билинбей кетти. Электр энергиясын саткан жеке компаниялар пайда болуп, алардын ишинин ачыктыгын коомчулук билген жок. Тармакта “Ширшовдун схемасы” деген терс мүнөзгө ээ болгон коррупциялык синдикаттын базары жүрдү. Айтор, энергетика тармагында өнүгүү болгон жок. Жарыктын тез-тез өчүрүлүшүн кыштын суугуна шылтап жүргөн чиновниктер болду.

“Кыргызстандын энергетика тармагынын негизги багыты – гидроэнергетика. Кыргызстандын гидроэнергетикалык потенциалы 142 миллиард кВт саатты түзөт, биз анын 10 гана пайызын колдонуп келебиз. Суу-энергетика ресурстары боюнча КМШда Россия, Тажикстандан кийинки 3-орунда турабыз” дегендей коендой окшош отчеттор отуз жыл бою жаңырып келди. Куру сөз менен курсак тойгузуп жүргөнүбүздүн үзүрүн азыр көрүп жатабыз. Мына ушунун өзү ошол учурдагы бийликтин өз элине кылган кыянатчылыгы десе жарашат. Же болбосо чыккынчылыкка тете иш. Кечээки кесел, бүгүнкү бечел тармак мамлекеттин экономикалык жактан өнүгүүсүнө кедергисин тийгизип, түйшүгүн артууда.

Бирок, жаңы бийликтин келиши менен энергетика тармагына жан киргенин айта кетели. Акыркы эки жылдын ичинде өсүү байкалууда. Ал тургай, мамлекет өзүнүн каражатынын эсебинен Киров суу сактагычына БалаСаруу чакан-ГЭСин куруп жатат. Мурдагы бийликтин учурунда саясатчы Өмүрбек Текебаевден башкаларга чакан-ГЭС курууга уруксат бербей келсе, учурда республиканын төрт бурчунда энергетиканын кошумча булактарын пайдаланууга каражат жумшаган ишкерлердин саны күн санап көбөйүп баратат. Энергетика тармагынын башкаруу системасы түп тамыры менен өзгөрүп жатат. Кечээ жакында эле “Улуттук энергетикалык холдинг” ачык акционердик коомун жоюу боюнча Министрлер Кабинетинин токтому чыкты. Президент Садыр Жапаров Энергетика министрлигине өзгөчө ыйгарым укуктарды берип, талапты күчөтүп, алдына ири максаттарды койду. Ошондуктан, баарын түшүнүү менен кабыл алуу кажет го. Күтө туралы. Мезгил – тараза.

 

Шекербек КАЛЫКОВ

№78 “Эркин-Тоо” гезити

2023-жылдын 29-сентябры

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!