"Эркин-Тоо"
Аймак Жаңылыктар

Кел-Суу көлү жайгашкан аймакта электр маселеси чечилет

Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров Ат-Башы районундагы Кел-Суу туристтик жайына барып, жергиликтүү ишкерлер менен жолугушту.

Ишкерлер жолдун абалын жакшыртуу жана электр энергиясын тартуу маселесин көтөрүштү. Сатаров Ак-Сай өрөөнү үчүн техника алынганын, жол мезгил-мезгили менен тазаланып турарын жана электр чубалгыларын тартуу иштери пландалганын билдирди.

Ал туристтердин саны көбөйүп жатканын белгилеп, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу зарылдыгын айтты. Район жетекчилерине аймактын башкы планын даярдоо, унаа токтотуучу жайларды уюштуруу, техникалык коопсуздукту камсыздоо жана туристтер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү тапшырмаларын берди.