Президент Садыр Жапаров өлкөдөн качып кеткен президенттердин башын бириктирип, чоң иш жасады. Алар убагында бири-бирин кубалап, анан бийликке келген. Бул жыйындын кандай форматта өткөнүн чындыгында мен жакшы билбейм. Президент Жапаров “мурдагы президенттердин баары акталды, ушул бойдон эле Кыргызстанга кирип келгенге уруксат берилет деген ойдон алыспыз. Ал жагы дагы катуу текшерилет” деп айтып жатпайбы. Эми эң негизгиси алар ар кайсы өлкөдө, ар кайсы жерде олтуруп алып, бири-бирин шыбап, биринин башына бири жугунду куюп эле жүрүшчү эмес беле. Мен элге белгилүү куудул катары оюмду ачык эле айтайын. Алардын эл алдында нар көтөргүс күнөөлөрү бар. Отуз жылдан бери элдин жашоосу оңолбой жатканынын баары – ошолордун мойнунда. “Калк айтса, калп айтпайт” дейт. Алар миллиондогон акчаларды, байлыкты өлкөдөн чыгарып кетишкен. Ошондуктан “жөн эле кирип барсак кыргыз эли бизди кечирбейт. Андыктан колдон келген жакшылыкты жасайлы” деш керек. Мисалы, Акаев аксакал катары “Мен Жетим-Тоо” кенин ишке кире тургандай кылып инвестиция алып келейин. Кеткен чыгымдарын төлөйүн. Анан биринчи продукция чыккандан кийин элден кечирим сурап көрөйүн” деп айтса болот. Бакиев ГЭСтерди жакшы билет. Ал “Камбар-Ата” ГЭСин куруп берсин. ГЭС ишке киргенден кийин анан элден кечирим сурасын. Отунбаева “Маданий жайларыбыз начар” деген сөздү көп айтчу. Ошко 5 миң, Бишкекке 7 миң киши бата турган спорттук комплекстерди салып берсин. Сооронбай Жээнбеков өзү убада кылган 70 миң киши бата турган стадионду куруп берсин. Былтыр Боомдо жаз айларында сел жүрүп, Бишкек – Ысык-Көл жолун канча жолу сел жууп кетти. Казактар дагы Кашкелең жолун калыбына келтирип Алма-Ата – Чолпон-Ата жолун салганы жатышат. Бирок, алар да ошол эле Боом капчыгайы аркылуу өтүшөт. Мурдагы эски долбоор бар экен. Токмок – Шамшы багытындагы түз кеткен темир жолду салыш керек. Атамбаев ушул жолду салып берсин. Адегенде Кытайдын карызын төлөшөт. Кыргызстандын чет өлкөлөргө бир тыйын да карызы калбагандан кийин кошумча иретинде ушуларды салып берсе болот. Мурдагы беш президент беш укмуш нерсени жасап, Кыргызстандын чет өлкөлөргө болгон сырткы карызынын баарын төлөсө, анан эл өзү таразалап, кечирим берүү же бербөө тууралуу карап көрөт.
№15 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 28-февралы

