Келдибек Матисаев 2022-жылдын 14–17-сентябрь күндөрү Баткен облусунда болуп өткөн коогалаңда чек ара айылдарынан эвакуация болгон жарандарга жардам колун сунган инсан. Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев өз кезегинде Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын тургуну Келдибек Матисаевге кыйын кырдаалда жабыркаган үй-бүлөлөргө мекенчилдик сезимде кол сунуп, өлкөнүн бүтүндүгү, элибиздин келечеги үчүн кошкон салымы жана өз учурунда материалдык, моралдык жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын айтты. Ыйгарым укуктуу өкүл мындан сырткары оор кырдаалда колдоо көрсөтүп, жабыркаган үйбүлөлөргө жардам берген ар бир кыргызстандыкка Баткен элинин жана жеке өзүнүн атынан ыраазычылыгын билдирди. Белгилей кетсек, колундагы баласы менен «үй бар» деген жазуу бар кагаз кармап, Тажикстандын куралдуу кол салуусунан жабыркагандарга жардам берүүгө чыккан Келдибек Матисаев социалдык тармактын колдонуучуларынын алкышына татыган.

