Ысык-Көл районунун Тамчы айыл аймагында келечектүү ири долбоорлор ашырылганы турат. Биз айыл өкмөт башчысы Бейшембиев Фархат менен жасалып жаткан иштер жана алдыдагы иш-пландарынын айланасында маектештик.
— Фархат мырза, эгемендик жылдарында оорукана, маданият үйү сыяктуу социалдык обьекттерди курууга көңүл бөлүнбөй келди. Азыр сиздердин айылда оорукана курулуп жатыптыр. Курулуштун каражат маселесин кантип чечүүгө мүмкүн болду?
— Бул иш өткөн жылы башталган эле. Тамчы айылында союз учурунда эки кабаттуу чоң оорукана бар болчу. Тору-айгыр, Чоң-Сары-Ой айылдарынан да бул жака келип дарыланып кетишчү. Союз тарагандан кийин бул оорукана каралбай, жабылып калган. Былтыр оорукана авариялык абалда, пайдаланууга болбой тургандыгы жөнүндө тиешелүү органдардан корутунду алдык. Иштебей ээн турган имарат жер тилкеси менен менчиктештирилүүгө даярдалып калган экен аны жокко чыгарып, 75 сотых жери менен муниципалдык менчикке алдык. Мына мамлекеттик мүлк фондусунун, акимчиликтин жардамы чоң болду. Оорукананы Чолпон-Ата аймактык оруканасынын балансынан чыгарып, муниципалдык менчикке алгандан кийин бузуп, ордун тазалап иретке келтирип, долбоор жазып демөөрчүлөрдү издедик. Акимчиликтин жардамы аркылуу “Ассава” кайрымдуулук фондунун каржылык колдоосу менен эки кабаттуу оорукананын курулушу башталды. Азыркы учурда эки кабаты тең толугу менен бүтүп, экинчи кабатынын ички жасалга иштери, эшик-терезелери коюлуп жатат.
— Оорукана кандай багытта болмокчу?
— Жаңы оорукананын багыты – Биринчи жардам ооруканасы болот. Баягыдай төрөт жана башка бөлүмдөрү болбойт. Биринчи жардам ооруканасы болушун турмуш өзү шарттап жатат. Жайкы сезондо бизге аябагандай көп эс алуучулар келишет. Киши көп жерде ар кандай кырсыктар болот. Бирөө колун же бутун кокустатып алышы, сууга чөгүү жана башка капилет кырсыктарды болбойт деп айта албайбыз. Мындай учурларда биринчи жардам көрсөтө албай калган учурлар болот. Жол кырсыктарынан убагында жардам көрсөтүлбөгөндөн көз алдыбызда адамдар каза болуп калган учурлар кездешет. Тамчы айылы Чолпон-Ата жана Балыкчы шаарынын дал ортосунда турат. Балыкчыга да, Чолпон-Атага да 40 чакырым алыстыкта турабыз. Мына ушундай көз караштан алганда жаңы оорукана Биринчи жардам ооруканасы болгонун туура көрдүк. Экинчи кабат толук бойдон реанимация, операция бөлмөлөрү, лаборатория болот. Биринчи кабатында 2 орундуу 3 палата жана башка кошумча бөлмөлөр болот.
— Инновациялык “Асман” шаары сиздердин аймакта курулат эмеспи. Азыркы учурда анын курулушу кайсы этапта турат?
— Ооба, жалпы өлкөбүз сыймыктанчу “Асман” шаары да бизге келип жатат. Ал шаар курулчу жерлерди карап чыгып, жергиликтүү кеңештин депутаттары менен макулдашып, айылда жыйын өткөзүп элдин макулдугун алып 4015 гектар жерди “Асман” шаарына бөлүп бердик. Азыркы учурда “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ишканасы подстанциясын куруп жатат. Бул биздин айыл үчүн эле эмес, жалпы мамлекетибиз үчүн да ири долбоорлордун бири болуп калмакчы.
Ошондой эле Кош-Көл айылынын Көл тарабында ири Гольф-курорт курулуп жатат. Бул үчүн 92 гектар жер тилкесин бөлүп бергенбиз. Буюрса, эмдиги жылы август айында ачылышы пландалып жатат. Ага чейин бул жердин чөптөрү өсүп, оюнга даяр болот экен. Гольф талаанын Көл жак бетинде оюнга келгендер жана эс алуучулар үчүн коттеждер шаарчасы курулуп жатат. Долбоор боюнча бардыгы эл аралык талапка жооп берген 5 жылдыздуу мейманканалар болот.
— Көл аймагындагы ири долбоорлордун баары дээрлик сиздердин айылга курулуп жатат эмеспи. Тамчы айыл аймагын келечекте кандай элестет элеңиз?
— Ооба, Кудай буюрса келечекте Тамчы аймагы ар тараптуу өсүп-өнүп, жаркыраган шаар болот деген үмүттөбүз жана ошого күч-аракетти жумшайбыз. Дагы бир ири долбоор — Тамчы эркин экономикалык аймагы курулуп жатат. Бул максатта 100 гектар жер бөлүнгөн. Бул чоң демилге, ал да Президенттин колдоосу менен ишке ашып жатат. Мен 2022-жылы февраль айында айыл өкмөт башчысы болуп келгенде ар бир айылдын көчөлөрүн асфальттап, иретке келтирүүнү алдыма максат кылгам. Азыркы учурда Чырпыкты жана Кош-Көл айылынан 2 чакырым көчө асфальтталды. Тамчыда болсо глобалдуу долбоор башталганы турат. Бул биздин айыл аймактагы бешинчи ири долбоор десем болот. Президент Садыр Нургожоевичтин 131-жарлыгынын негизинде Тамчы айылында саркынды сууну тазалоочу жай курууну колго алып жатабыз. Тамчыда туруктуу 2400 адам жашаса жайкысын июль, август айында күнүнө 10 миңден кем эмес адам болот. Ошол себептен биз саатына 2000 куб саркынды тазалоочу жайды куралы деп долбоорун иштеп чыктык. Сметасын түзүүгө 7,5 млн сом карап жатабыз. Райондун акими Жапарбек Туратович бул долбоорду кош колдоп, долбоор-сметасын бүтүрсөң эле 200 млн сомду мамлекеттен алып берем деген. Бул бир эле Тамчы айылынын 2400 тургунун жана жай мезгилиндеги 10 миң кишини камсыздай турган долбоор эмес. Тамчы Эркин экономикалык аймагы, аэропорт, анан Чок-Тал айылынын күн батыш тарабындагы пансионаттарды кошо алалы деген пландар бар. Азыр аэропортубуз толук иштеп жаткан маал. Ал дагы кеңейип вокзал жагына Президент капсула салып кеткен эле. Учурда пайдубалы курулуп бүттү. Буюрса, аэропортубуз да чоңоюп жатат. Тамчыда аскер шаарчасы курулууда. Ал жерде да аскер кызматчылары жашашат. Тамчы эркин экономикалык аймагында ишкана-мекемелер ачылат. Бул үчүн 2 миң кубдук саркынды тазалоочу жайдын кубаттуулугу жетиштүү болот. Буюрса, бул алдыдагы 2 жылда курулуп калат деп турабыз. Андан кийин айылдын ички көчөлөрүн асфальттоого болот.
— Айылда башка социалдык обьекттер боюнча абалыңыздар кандай?
— АРИСтин жардамы менен 4 млн сомдук инвестиция тартып, Тамчы бала бакчасын жылуулап, ичин оңдоп-түзөө иштери жасалып жатат. Андан тышкары Өкмөттөн 3 млн 800 миң сом көлөмүндө дем берүүчү грант алып, Тамчыдагы мектеп гимназиясынын жатаканасын толук капиталдык оңдоодон өткөрүп жатабыз. Бизде Тамчыда менен Чырпыктыда эки мектеп, эки бала бакча бар. Кош-Көлдүн Башкы планын түзүүгө айылдык кеңеш каражат бөлүп берген, бүтсө мектеп жана бала бакча куруу үчүн демөөрчүлөрдү издейбиз. Айыл өкмөттөн жылына айыл аймагыбыздагы эки мектеп, эки бала бакчанын утурумдук оңдоп-түзөө жана башка майда муктаждктарына 1 млн сомдон кем эмес акча каражатын жумшайбыз. Ошондой эле башталгыч класстын окуучуларынын тамагын уюштурууга жардам кылабыз. Айылда 170тей карыяларыбызга да карылар күнү ар бирине белегибизди алып барып, жекече куттуктоо салтыбыз бар.
Чырпыкты чоң айылында 2700 дөн ашык эл жашайт. Андагы 100 орундуу бала бакча жетишсиз, жаңы 200 орундуу бала бакча курууга долбоор жазып, жерин аныктадык. Чырпыкты жана Тамчы айылында союз мезгилинде курулган маданият үйлөрү бар. Экөөсүн тең капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн долбоор жазып, Ысык-Көл өнүктүрүү фондуна өткөрдүк.
— Өзүңүз айткандай жайкысын эс алуучулар көп келет. Бирок пляждардын абалы бардык эле жерде жакшы эместиги белгилүү. Бул багытта иштер барбы?
— Бул боюнча Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун протоколдук тапшырмасын аткаруу боюнча иштер жүрүп жатат. Тамчы айыл аймагында 2 км пляж аймагы бар. Пляждарды талапка ылайык абалга келтирүү үчүн 24 млн сомдук долбоор даярдаганбыз. Алдыдагы жылга 1 км пляжды талапка ылайык жасап чыксак деп пландап жатабыз. Президенттин да жергиликтүү элдин пляждык аймактарды пайдалануусун камсыз кылуу боюнча жарлыгы чыккан эмеспи. Бизде негизинен жергиликтүү эл үчүн пляжга тоскоолдуктар деле жок десем болот. Ошентсе да бул багытта чечимдерди кабыл алып, көзөмөлгө алуу жагы көңүлдөн тыш эмес.
— Канча эс алуучулар келсе ошончо таштандылар калат эмеспи. Экология, айылдын тазалагын сактоо учурда сиздер үчүн маанилүү маселелердин бири эмеспи?
— Бизде муниципалдык коммуналдык чарба ишканабыз бар. Анда 10 кызматкер иштейт. Алар толук айыл аймагынын тазалыгын карашат. Ишкана аркылуу биз 2018-жылдан баштап жеңилдетилген шартта лизингге 6 техника алганбыз. Быйыл жаңы типтеги таштанды ташуучу техника, 2021-жылы чыккан жаңы муундагы комбайн да алдык. Экскаватор, айдап-себүү иштери үчүн 3 жаңы трактор алганбыз. Алар жеке менчик ээлерине караганда бир топ арзаныраак баада элге сапаттуу кызмат көрсөтүп, эл ыраазы. Бул мамлекеттин “Айыл банк” аркылуу калкка чоң колдоосу деп эсептейм.
— Лизингге техниканы өз каражаттарыңыздарга алып жатасыздарбы?
— Алгач 2018-жылы 2 трактор, бир экскаватор алганда Ысык-Көл өнүктүрүү фонду 1 млн сом колдоо көрсөткөн. 2021-жылы 8 млн сомго чоң комбайн алганда да аталган фонд 1,5 млн сом берген. Калган каражат айыл өкмөттүн кирешесинин эсебинен болууда.
Бегим ТУРДАЛИЕВА
№104 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 29-декабры