Саясий серепчи Кубанычбек ЧЕКИРОВ:
“Өзбекстан менен интеграцияга баруу чоң утуш”
— Бүгүнкү күндө Кыргызстан үчүн Өзбекстан менен экономикалык жактан интеграцияга баруу жолу эң чоң утуш. Аларда калкынын санына кошулуп өнөр-жай тармагы өсүп жатканына байланыштуу электр энергиясына болгон суроо-талап жогорулап турган учур. Демек алар дагы биз менен кызматташууга кызыкдар. Өзбекстан мамлекети пахтаны өндүрүү боюнча дүйнөдө жетинчи, ал эми экспорт боюнча үчүнчү орунду ээлери көпчүлүккө маалым. Дүйнө боюнча алтындын кору жагынан төртүнчү орунду ээлейт. Акыркы учурдагы Кыргызстан менен Өзбекстан мамлекеттер аралык соодаэкономикалык байланышынын жогорку көрсөткүчү көңүл кубантат. Эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү 900 миллион долларды түзсө, жакынкы беш жылга чейин бир жарым миллард долларга чыгарууга толук мүмкүнчүлүк бар. Учурда өзбек тарапка биздин өлкөдөн курулушка керектүү материалдар, айыл-чарба азык-түлүктөрү тынымсыз өтүп турат. Эң негизгиси Кыргызстан тоо-кен, гидроресурстарга бай болгондуктан электр энергиялык интеграцияга алар да кызыкдар. Ошондуктан биз бул багытта кызматташууга тийишпиз. Камбар-Ата ГЭСин биргеликте куруу дагы эң маанилүү
Кыргызстандын сүт өндүрүүчүлөр ассоциациясынын төрагасы Сыймык ТАЙЧАБАРОВ:
«Эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү 2 млрд долларга жетерине ишенем»
— Жакында болуп өткөн Кыргыз-өзбек бизнесфорумдун алкагында 168 млн долларга эсептелген эки тараптуу 11 документке кол коюлду. Чечүүгө зарыл болгон айрым жагдайларга карабастан, эки өлкөнүн ишкерлери бир топ маселердин үстүндө чогуу иш алып баруу боюнча макулдашууга жетиштик. Мисалы, алдыдагы май айында Москва шаарында “Караван Экспо”биргелешкен көргөзмөсүнө катышмай болдук. Андан тышкары өзбек тараптын биздин базарлардын биринде ири дүкөн ачуу максаты бар. Анда Өзбекстандын бизнес жана өнөр-жай ассоциациясына кирген 140 ишканасынан өндүрүлгөн товарлар сатылат. Мындай ири сумманы чапчыган инвестициялык макулдашуулар, экспорттук жана импорттук келишимдер өлкөнүн экономикалык өнүгүшүнө өзгөчө зор салымын кошот деп ишенем. Ушу тапта Өзбекстанда биздин өлкөдөн алууга мүмкүн, бирок ташууга ар кандай тоскоолдуктар жаралган товарлардын наркы 500 миллион доллардан ашат. Ага сүт азыктары эле эмес ар кандай айыл чарба азыктары, текстиль жана башкалар кирет. Ал эми Кыргызстанда бул көрсөткүч 800 миллион доллардын тегерегинде. Андыктан эки тараптуу жол картасын иштеп чыгуу – бүгүнкү күндүн муктаждыгы десем болот. Президент Садыр Жапаров белгилегендей, Өзбекстан менен болгон соода жүгүртүү келечекте 2 миллард долларга жетерине ишеним зор.
Саясий ишмер Ибрагим ЖУНУСОВ:
“Келишимдердин ишке аша турганы абдан кубанычтуу”
— Кыргыз калкын өзбек эли менен кылымдарды карыткан жалпы тарыхы жана маданияты, тили жана руханий баалуулуктарынын окшоштугу байланыштырып турат. Акыркы жылдары мамлекет башчылары С.Жапаров менен Ш.Мирзиёевдин саясий эркинин натыйжасында чиеленген татаал маселелер чечилип, кызматташууга жагымдуу шарттар түзүлдү. Өзбекстан президентинин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапары эки тараптуу мамилелердин мындан ары да чыңдалышына негиз түзүп, бир катар документтерге кол коюлуп, маанилүү маселелер көтөрүлдү. Эң негизгиси кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жыйынтыкталып, ратификацияланды. Муну менен эки өлкө ортосундагы чек арадагы туруктуулук камсыздалды деп ишенимдүү айтууга негиз бар. Өлкө башчылары темир жолдорду реконструкциялоо жана трансконтиненталдык магистралдарга жеткирүү маселесин талкуулашты. Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушунун маанилүүлүгү айтылды. Албетте, бул жолдун курулушу менен эки өлкө Европага жана дүйнөлүк рынокко кыска жол табат деген ишеним зор. Ар тараптуу кызматташуу жана башка долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу боюнча өкмөттөр аралык макулдашууларга кол коюлушу жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачты. Кыргызстанда автоунаа жана коммерциялык техникаларды биргелешип чыгаруу, электр жабдууларын жана эсептегичтерин чогултуу, ошондой эле Кыргызстанда көмүр кендерин иштетүү, Нарында тери иштетүү жана картошка өстүрүү долбоорлорун ишке ашыруу боюнча макулдашууларга жетишүүнүн өзү келечекте гүлдөгөн Кыргызстандан кабар берет. Мага өзгөчө жаккан кабар, эки өлкөнүн биргелешкен автоунаа чыгаруучу заводдорду ачуу боюнча келишими болду. Мен 2018-жылы Кыргызстандын Өзбекстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматына келгем. Ага чейин 2017-жылы өзбек тарап менен автоунаа чыгаруучу биргелешкен завод ачабыз деген сөз болуп, Сокулук районунан жана Ош облусунан жерлер караштырыла баштаган. Ошондогу пландын убакты-сааты чыгып азыр ишке аша турган болуп жатканы, абдан кубанычтуу кабар.
Разия ЖООШБАЕВА
№7 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 31-январы