"Эркин-Тоо"

Келечекке умтулуп утуш жасайлы

Кайсыл учур болбосун мамлекетибиздин алдында билим берүү тармагы негизги жана курч көйгөйлөрдүн бири болуп келе жатат. Замандын талабына ылайык билим берүүнүн мааниси, ыкмасы ушунчалык тездик менен жаңыланып, өзгөрүүдө. Башка өлкөлөрдүн мисалын алып карасак, ар беш жылда жаңыланып, билим берүүнүн мазмуну жыл санап эскирип кетүүдө. Демек, мамлекетибиз да келечеги үчүн эртеңки күндү гана эмес, алдыдагы узак мөөнөттү ойлоп, ошого жараша аракеттерди баштоосу зарыл.

Албетте, буга чейин билим берүүдө көптөгөн долбоорлор ишке киргизилди. Бирок, көп учурларда эл аралык долбоорлор болгондуктан, алар өз ойлорун таңуулап келишти. Эмне үчүн бул долбоорлор эч кандай натыйжа берген жок? Анткени, билим берүү системабызды талдап, келечекке так максат коё алган жокпуз. Жыйынтыгын мектептердеги окуучулардын жалпы жетишкендигинин төмөн көрсөткүчтөрүнөн көрүп жатабыз. Керек болсо ар бир ата-эне өз балдары билим алган мектептердин абалына толук канааттанбай, нааразычылыктарын айткан учурлар өтө көп кездешет.

Былтыр жаз айында Билим берүү жана илим министрлиги 12 жылдык билим берүү боюнча “Алтын казык” мамлекеттик программасын сунуштаган. Ага ылайык, алты жаштагы балдардын бардыгы милдеттүү түрдө мектепке кирип, билим алат. 10-11-12-класстардын окуучуларына кесипке багыт бериле баштайт. Түзүлгөн окуу планында 11 кесиптик үйрөтүү каралган. Ошондой эле 12 жылдык билим берүү системасына өтүү боюнча концепция да бекитилген.

Азыр 12 жылдык билим берүүгө өтүүгө али эрте экендиги тууралуу айткандар бар. Алар билим берүүнүн сапатын жакшыртмайын, класстан класска көчүрүүдө эч кандай пайда жок экендигин жүйө кылышууда. Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева азыр 12 жылдык окууга жакын арада өтө албастыгы тууралуу айтып, Билим берүү жана илим министрлигинин бул аракетин сынга алды. Анын айтуусу боюнча Министрлик ЮСАИДге ишенгендигин, анын 24 долбоорунун 22си жабылгандыгын, андан көрө 10 жылдык окууга өтүү сунушун айтты.

Негизинен бул тармакка системалуу мамиле кылуу зарыл. Бирок, тилекке каршы кендирди кескен каражатка карап кайсыл жакка акча табылып калса, ошого жумшап, калганы кейиштүү кейпин кийип кала берет. Айрым мугалимдердин билим берүү деңгээли төмөн экендигин да жашырып болбойт. Албетте, системаны карап олтура бербей өз алдынча аракет кылып, балдарга билим жеткирүүдө алдыңкы ыкмалар менен заман талабына шайкеш иштөөгө умтулган мугалимдер да бар. Аларга сөз тийгизүүдөн алыспыз.  12 жылдык окууда жогорку класстарга кесиптик билим берүү киргизилген. Киргизип коюу менен көйгөй чечилбейт эмеспи. Мугалимдерди жаңы эрежелерге даярдоо маселеси бар. Учурда мугалимдер билим берүүнүн жаңы стандарттарына өтүүгө даярдык көрүү боюнча атайын окуудан өтүп жатышат.

Мектептердин жетишсиздиги да чоң көйгөйлөрдүн бири. Жыл өткөн сайын калктын саны менен катар окуучулардын саны да көбөйүүдө. Ошону менен катар ички миграция да буга олуттуу таасирин тийгизүүдө. Дегеним, азыр аймактардан көчүп келген жарандар борборго отурукташып, балдарын шаардык мектептерге беришүүдө. Ал эми аймактардагы айрым мектептерде бош орундар бар. Азыр борбор калаанын кайсыл мектебин албайлы, ар бир классында окуучулардын саны кеминде кыркка жетет. Бул, мугалимдин ар бир бала менен жеке иштөөсүнө өтө терс таасирин тийгизет. Балдарга да ыңгайсыздык жаратат. Эми 12 жылдык окуу киргизилсе, класс тартыштыгы ого бетер күчөйт. Ооба, бул маселени колго алган азыркы бийлик акыркы эки жылда мектептердин курулушун өтө тездик менен бүткөрүп, көйгөй жеңилдегенсип калды. 2023-жылы республика боюнча 98 мектеп, 12 кошумча имарат бүткөрүлсө, былтыркы жылы 62 мектеп, 4 кошумча имарат пайдаланууга берилген. Бирок, муктаждыкты толук чечүү үчүн дагы бир топ курулуштарды жүргүзүү күн тартибинде турат.

Албетте, 12 жылдык окууга өтүүнүн артыкчылыгы да бар. Аны менен дүйнөлүк алдыңкы билим берүү интеграциясына аралашууга жетишебиз. Көрүнгөн тоодон коркуп олтура берсек, эч качан эч кандай алдыга жылуу болбойт. Ошондуктан “Тобокелчи тоо ашат” дегендей, алдыдагы тоскоолдуктарды жоюп, билим берүүдөгү реформаны этап-этабы менен басып өтүп, алдыга умтулуудан утуш жасайлы.

Жылдыз Дыйканова