Жакында Мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун демилгеси менен Бишкектеги №33 мектепке Казакстандын азыркы Президенти Касым‑Жомарт Токаевдин атасы Кемел Токаевдин ысымы ыйгарылды.
Анткени, Кемел Токаевдин өмүр жолунун азыркы Бишкек, мурдагы Фрунзе шаары менен байланышы бар. Себеби, Коллективдештирүү жылдары жана ага удаа келген ачарчылык маалында Кемел Токаевдин үй-бүлөсү, бир туугандары бир нече жыл Фрунзе шаарында жашаган. Андан кийин Президенттин атасын Фрунзеге Улуу Ата Мекендик согуштун эпкини экинчи ирет алып келген. Улуу Ата Мекендик согуш башталган жылдары азыркы 33-мектептин имаратында Фрунзе жөө аскерлер мектеби орун алган. Мында Кемел Токаев аскердик даярдоодон өтүп, согушка жиберилген.
Казакстандын азыркы Президенти Касым-Жомарт Токаевдин атасы Кемел Токаев 1923-жылы Алматы облусунун Каратал районунда туулган. Ал казак жазуучусу, казак прозасындагы детектив жанрынын негиздөөчүсү болгон.
Казак Президентинин “Атам жөнүндө баян” аттуу эскерүү китебинде “Интернат атамды ачарчылыктан сактап, орто билимге ээ кылган. Ырыстуу тамагы болсо интернатта бирге чоңойгон агасы экөө чогуу тамактанып, келечектеги жакшы күндөргө карай максаттарын кыялданышчу экен. Бирок ага-ининин үмүтүн согуш үзгөн. Алгач согушка агасы кеткен. Атамдын бир тууганы согуштан кайтпай калган, бул айрылуу атам үчүн абдан оор болгон. Арадан бир жарым жылдан кийин атам Кемел согушка чакырылган” дейт китебинде казак Президенти. Тагыраагы ал Фрунзе шаарындагы жөө аскерлер мектебинде (азыркы Бишкектеги №33 мектеп-гимназияда) даярдыктан өтүп, фронтко чакырылган. Согушта мекенин душмандан коргоп, 2-топтогу майып болуп Алматыга кайтып келген. Ал майдандан кийин 1945-жылы Казак мамлекеттик университетине тапшырган. Кемел Токаев 1986-жылы каза болгон.
Ак, каранын тынбаган күрөшүн көп айтчу
Казакстандын Президенти
Касым-Жомарт Токаев: “Атам мага ар бир адамдын периштеси менен шайтаны болоорун, адамдын ичинде жакшылык менен жамандыктын тынбаган күрөшү жүрөөрүн көп айтчу. Чынында жаштыкка салып философиялык толгонууларды түшүнө бербептирмин, кийин мезгил өтүп турмуштун түрдүү соккулары башыңдан өткөндө гана ал нерсенин чындыгына көзүң жетип, түшүнөт экенсиң. Ал эми апам мени дайыма колдоп турчу. Апам эртең менен төшөктөн турган маалда, “кечке эмне кылаарыңды ойлон, өз жаныңа тыкан бол, кичи пейил бол” деп көп айтчу. Китепте апама арналган бөлүгүн, мен чет өлкөлөргө сапарга чыкканда, бийик асман төрүндө, учакта жаздым. Апам боорукер, күчтүү болгон. Үй-бүлөдө мен тун уул болгондуктан ата-энемдин өзгөчө мээримине бөлөнүп чоңойдум. Апам кымбат болбосо дагы, мага жаккан кийимдерди байкап, чет элдик бут кийим, костюмдарды сатып алып берчү. “Режимди убагында сакта” деген сөзү бар эле деп апасын эскерет Казакстандын Президенти.
№33 мектептин тарыхы жана аткарган милдети
Бишкектеги Тоголок Молдо-73 дарегиндеги, азыркы №33 мектептин имараты маданий коргоого алынган тарыхый имарат болуп эсептелет. Имарат 1940-жылы курулган. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында 1941–1945-жылдары мектептин имаратында Фрунзе жөө аскерлер мектеби жайгашкан. Мектептин базасында мото-аткычтар окуу жайы түзүлгөн. Окуу жайдын биринчи кабыл алынуучулары негизинен Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын окуу жайларынын студенттери болгон. Мында миңдеген курсанттар кабыл алынган. 1941-жылдын 18-ноябрынан баштап окуу мөөнөтү орто мектепти аяктагандар үчүн алты айга, ал эми жогорку же бүтпөгөн жогорку билимге ээ болгондор (студенттер) үчүн төрт айга белгиленген. Фрунзе жөө аскерлер мектебинин бүтүрүүчүлөрү согуш талаасында өзгөчө эрдик көрсөтүшкөн. Согуштан кийин аскердик окуу жай жоюлган. Согуш аяктап калганда мектептин имаратында аскерлер үчүн госпиталь орун алган. Ал эми 1947-жылдын 1-сентябрында мектеп окуучулары үчүн эшигин кайрадан ачкан. 1949-жылы сегиз жылдык, 1952-жылдан баштап мектеп он жылдык билим берген мектепке айланган. Бүгүн мектепте 1500гө жакын окуучу билим алат, 60ка жакын мугалим эмгектенет.
Үч окуучу акысыз билим алат
№33 мектептин директору Таалайкүл Ашымова “Биздин мектеп тарыхый миссияны аткарганы үчүн сыймыктанабыз. Учурунда бул жерде ата-мекенге кызмат кылган, өмүрлөрүн мекенге арнаган инсандар окуп кеткени ырас. Бул маалыматтарды бүгүнкү жаш муундарга жеткирүүнү уланта бермекчибиз. Ал эми биздин мектепке Кемел
Токаевдин ысымы ыйгарылышы, кошуна өлкөлөр ортосундагы байланышты бекемдөөгө, достукту арттырууга салым кошоору анык. Аны менен катар мындан 4 ай мурда биздин мектепке Казакстандын Президенти тарабынан окуучулар үчүн автобус белекке берилген. Ошондой эле мектептин 3 бүтүрүүчүсүнө К.И. Сатпаев атындагы Казак Улуттук техникалык изилдөө университетине 3 гранттык орун белекке берилди, мектептин китепкана фондуна китептер тапшырылды. Мындай мүмкүнчүлүк тууралуу биринчи кезекте мектептин окуучуларына жана ата-энелерине маалымат берилди. Андан соң бул университетке тапшырууну каалаган окуучулардан арыз кабыл алынып, арыздарды карап чыккандан кийин мыкты окуган окуучулар тандалды. Ошентип гранттык орундарга 3 окуучу, атап айтканда Касымов Эмир, Жолдошбекова Сайкал жана Никита Голомидов деген үч окуучу аныкталды. Биздин билим жолубуздагы ишибиз улантыла берет. Мекенге кызмат кылган, акылгөй жаштарды уядан учурууга бар аракетибизди жумшай бермекчибиз” дейт директор.
Мээрим Бактыбек кызы