"Эркин-Тоо"

Кемин районуна күн электр станциясын куруу пландалууда

 Кемин районунун аймагына күн электр станциясын куруу боюнча боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, меморундумга Президенттин Чүй облусундагы өкүлү Канат Жумагазиев, энергетика министринин орун басары Назгүл Усенова жана «Этернал Энергия» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Ма Вэнцзюнь кол коюшту.

Меморандумдун максаты Кемин районунда 80 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясын курууга багытталган инвестициялык долбоорду биргелешип ишке ашыруу болуп саналат.

Меморандумдун алкагында кызматташууну координациялоо үчүн тараптар өз өкүлдөрүнүн жана кызыкдар уюмдардын катышуусу менен биргелешкен жумушчу топ түзүшөт.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!