Кемин районунда салык кызматкерлери пара менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматына ылайык, 28-августта сотко чейинки өндүрүштүн алкагында оперативдүү-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси боюнча 200 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурда, Кемин районунун салык кызматынын контролдоо жана карыздарды өндүрүү бөлүмүнүн башчысы А.А.Ж., ошондой эле аталган бөлүмдүн инспектору С.А.Т. КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренеси боюнча кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда УКМК тарабынан башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча кошумча ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.