Кениянын президенти Уильям Руто, бир нече айдын ичинде бардык өлкөлөргө виза жеңилдиктерин берүүнү пландап жатканын жарыялады.
«The Star» гезитинин кабарына караганда, Найробиде өткөрүлгөн Африка Климат саммитинде сөз сүйлөгөн Руто келгендерден виза талап кылуунун туура болбой турганын айтып, бир канча айдын ичинде бардык визаларды алып салууну пландап жатканын билдирди.
Кызматка келгенден бери көптөгөн өлкөлөр менен визаларды жокко чыгарган Руто, буга чейин бардык африкалыктардын визадан бошотуларын билдирген.