Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Кербен шаарынын таза суу тармагы менен канализациясын жаңыртууга 6,5 млн евро өлчөмүндө жеңилдетилген насыя берет. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаев билдирди.
Анын айтымында,анын ичинен 2,5 млн евро гранттык каражат болуп саналат.
«Насыя 15 жылдык мөөнөткө 1 пайыздык үстөгү менен берилүүдө. Ал мэрия менен сууканал ишканасы тарабынан жабылууга тийиш», -деди статс -катчы.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде «Бишкек шаарында 2021-жылдын 13-апрелинде кол коюлган 2019-жылдын 13-сентябрындагы Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кербен шаарында суу менен жабдуу жана канализация системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууга №1 Кошумча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзамдын долбоору каралып, экинчи окууда жактырылды.