"Эркин-Тоо"

Керек кезде генерал Дүйшөнбиевдин күчү пайдаланылабы?

Өлкөбүздүн коргонуу, коопсуздук, өзгөчө чек ара жаатыбыздын коён жатагына чейин билген генерал-майор Райымберди Дүйшөнбиевди билесиңер да. Күчкө толуп, тулпар сымал туйлап турган каарманыбыз ушул күндөрү өткөн-кеткенге ой калчап, ЖМК аркылуу коргонуу, коопсуздук темасында өзгөчө сунуштарын мезгил-мезгили менен билдирип келет. Аскердик карьерасында эң жогорку постторго чейин багындырган каарманыбызда терең билими менен бийик тажрыйбасы айкалышып, күчкө толуп турган маалы. А мындай дасыккан кадрдын күчүн эмнеге пайдалана албай келебиз? Өлкөбүздүн бүтүндүгүн күзөтүүдө кирпик ирмебеген генералдын тажрыйбасын эми да пайдалансак, сергек ой жүгүрткөн, мамлекетчил кадр катары камчы салдырбай, өлкө жетекчилигине арка-бел болот беле? Биз бул жагынан ой калчап, алдыңкы сандарыбызда каарманыбыздын саясий, жетекчилик портретин ачып бергенге аракет кылмакчыбыз.

№11 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 14-февралы