Кыргыз Республикасынын электр энергиясын сатуу тармагы 2025-жылдын жайында тарыхый көрсөткүчкө жетти. Өлкөдө электр энергиясын керектөө суткасына 45 миллион кВт/саатка чейин жетти. Бул мурдагы жылдардагы рекорддук көрсөткүчтөрдөн алда канча жогору экенин адистер айтып жатат. Албетте бул жогорку көрсөткүч кубанарлык белги эмес, тескерисинче, алдыда турган олуттуу энергетикалык кризистин коңгуроосу экени талашсыз.
Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, июнь айынын аягында Кыргызстанда электр энергиясына болгон суткалык суроо-талап 44,7 миллион кВт/саатка жеткени айтылат. Бул 2023-жылдагы көрсөткүчтөн 6 миллионго, 2024-жылдан дээрлик 4,2 миллионго көп экенинен кабар берет. Министр Таалайбек Ибраевдин билдирген маалыматына таянсак, бул өсүш бир нече факторго байланыштуу:
– күндүн ысышы менен кондиционер, муздаткыч сыяктуу үй-тиричилик шаймандарынын кеңири колдонулушу;
– жыл сайын 30 миңден ашык жаңы абоненттердин кошулушу;
– көп кабаттуу үйлөрдүн жана өнөр жай ишканаларынын санынын өсүшү.
Керектөө аймактар боюнча өзгөчө Бишкек шаарында 31,8 пайызга өссө, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында 20 пайыздан жогору көбөйгөнү боюнча так маалыматтар бар. Бул көрсөткүчтөр инфраструктуралык өсүш менен калктын көбөйүшүнүн түз таасиринен кабар берет.
КЫШ ООР БОЛОТ
Энергетика министрлиги “жайды аракет кылып өткөрөбүз, бирок кыш оор болот” деп коомчулукка ачык эле эскертип өттү. Себеби, учурда өлкөдө айрым ири ГЭСтер оңдөп-түзөтүү иштерине байланыштуу толук кубатта иштебей жатат. Токтогул ГЭСинин 300 МВт, Үч-Коргон ГЭСинин 45 МВт кубаттуулугу убактылуу иштен чыккан. Мындан тышкары, жылдык электр энергиясын керектөө 18 миллиард кВт/саатка жетери күтүлүп жатса, иштеп чыгаруу болжол менен 14,3 миллиард кВт/саат гана болору күтүлүүдө. Калган 3,9 миллиард кВт/саат импорт аркылуу жабылбаса, анда энергетикалык тартыштык келип чыгары маалым болду.
Энергетика боюнча эксперт Расул Умбеталиевдин ЖМКларга бөлүшкөн пикиринде, чоң кубаттуулуктагы ГЭСтер курулбай, чакан ГЭСтер менен маселени чечүү мүмкүн эмес, быйылкы жетишпестик 4 миллиард кВт/сааттан ашат. Ал майнинг-компанияларына берилген артыкчылыкты да кескин сындап: “Бир майнинг-борбор, бир райондун керектөөсүнчө электр энергиясын сарптап жатат. Калктуу конуштар кезеги менен электр жарыгын өчүрүүлөргө күбө болуп жатат” деп өз оюн ортого салган.
ЭНЕРГЕТИКАДАГЫ БАСЫМДУУ ФАКТОРЛОР
Кыргызстанда электр энергиясын керектөөчүлөрдүн катарына жыл сайын 120-130 миңге жакын жаран кошулуп жатканы боюнча маалымат айтылууда. Бул деген – жаңы үй-бүлөлөр, жаңы үйлөр жана жаңы керектөөчүлөр экени белгилүү. Бир гана жыл ичинде 10 миңден ашык имарат курулуп жатканы боюнча маалымат бар. Мындай өсүш – энергияга болгон суроо-талаптын тездик менен жогорулап жатканынан кабар берет. Мында кээ бир эксперттер климаттык өзгөрүүлөрдү дагы эске алуу керектигин белгилөөдө. Жаңы курулуштар энергияны аз сарптай тургандай салынышы зарыл экенин, азыр биз керектөөнү эмес, үнөмдөөнү үйрөнүшүбүз керек болуп жатканын айтып жатышат.
Жогорку Кеңеш тарабынан 2022-жылы кабыл алынган “Виртуалдык активдер жөнүндө” мыйзамга ылайык, Кыргызстанда криптовалюта өндүрүү – майнинг мыйзамдаштырылган. Расмий маалыматтарга таянсак, 2024-жылы өлкөдө 25 майнинг-борбор катталган. Энергетиктер бул майнинг компанияларды реэкспорт жолу менен энергияга колдонуп жатат, – деп маалымат берип келет. Бирок кээ бир эксперттер бул маалыматка анчейин ишеним арта бербейт. Расул Умбеталиевдин ЖМКларга берген билдирүүсүнө таянсак, мындай “энергия жутуучу” компаниялар өлкөнүн энергетикалык коопсуздугуна зыян келтирип жатканы кабарланууда.
АГА ЧЕЙИН ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?
Кыргыз өкмөтү 2026-жылга чейин 4,7 ГВт кубаттуулуктагы 48 ГЭС жана 5,7 ГВт кубаттуулуктагы 15 күн/шамал станциясын курууну көздөп жатканы боюнча маалыматтар бар. Бирок бул алдыга коюлган план качан реалдуу турмушка ашары боюнча так маалымат айтуу кыйын. Иш жүзүндө мындай кубаттуу өндүрүшкө 2030-жылдары гана жетүү болжолдонуп келет.
Ага чейин эмне кылуу керек?
– Ички керектөөнү үнөмдөөнү мыйзамдык деңгээлде күчөтүү;
– Жаңы курулуштарга энергоэффективдүүлүк талаптарын киргизүү;
– Ири инвестициялык долбоорлорго (мисалы, Камбар-Ата-1) ыкчам инвестиция тартуу;
– Майнинг сыяктуу “электр энергиясын өтө көп талап кылган” секторлорду токтотуу же чектөө.
Мына ушул жогоруда аталган маселелер кечиктирилбеши зарыл.
Кыргызстан 30 жыл аралыгында электр энергиясын көп колдонуп келген эмес, аз өндүрүп калган өлкөгө айланып кеткен. Суу сактагычтарда суунун деңгээли төмөндөп, ГЭСтердин кубаттуулугу начарлап, азайып жаткан шартта күн сайын энергетикалык импортко көз карандылык тереңдеп кеткени чындык. “Кышка чейин убакыт бар, жетишебиз,” деген алдамчы үмүттөн көрө, “кышкы энергетикалык суроо-талапка чындап эле даярдык бүгүн башталдыбы?” деген ачык суроо ар бир жетекчинин, адистин жана жарандардын жадыбалында сакталып турушу керек. Энергетика көйгөйү – күнүмдүк жарык эмес, улуттук коопсуздуктун бир бөлүгү. Биздин редакция бул тармак боюнча адистерден кенен сунуш-пикирлер болсо орун берүүгө даярбыз.
Бахпурбек Аленов

