Кечээ Президент Садыр Жапаров радиоуктуруу жана телекөрсөтүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын радио жана телевидение кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.
“Сиздердин кесибиңиздер өтө кызыктуу жана өтө маанилүү, сиздер кандай керемет инсандар менен баарлашып, кандай гана кайталангыс тагдырларды чагылдырып бересиздер, дайыма өлкөдө болуп жаткан окуялардын чордонунда жүрөсүздөр. Масс-медиага өз кесибин берилип сүйгөн, болуп жаткан окуяларды ар тараптуу жана калыс чагылдыра алган, таланттуу адистер ар дайым керек.
Бул майрам — жалгыз эле чыгармачыл адамдардын эмес, радио жана телекөрсөтүүнүн техникалык кызматкерлеринин да майрамы. Алардын аркасы менен кыргызстандыктар түркүнтүрдүү маалыматтардын күбөсү болуп келе жаткандыгын белгилей кетейин” деп чыгармачылык эргүү, креативдүү идеяларды жана бакубат өмүр каалаган.
№108 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 9-декабры
Жылдыз ДЫЙКАНОВА

