Бүгүн биз өзүбүз эңсеген улуу дөөлөттү, өзүбүз сыймыктанган күчтүү Кыргызстанды куруу жолунда турабыз. Чындыгын айтышыбыз керек, акыркы үч жылдын ичиндеги аракеттер баарыбызды шыктандырууда. Мындан ары жолубуз байсалдуу болуп, түз багытыбыздан адашпашыбыз керек. Дегеним, кечээги эле отуз жылдын аралыгында бийлик талашкан саясатчылар экономиканы талкалап, элди жакырчылыктын сазына батырып, мамлекетти душмандан бетер талап-тоногону эч кимибиздин эсибизден чыга элек. Ал чыккынчылыктын азабын бүгүнкү күнгө чейин тартып, жакырчылыктын сазынан суурулуп чыгалбай, чайналып турганыбыз чындык. Албетте, Кудайдын кулагы сүйүнсүн дейлик, 2020-жылдан кийин чукул бурулуш болуп, ири өзгөрүүлөр башталды. Бардык тармакта көзгө толумдуу иштер жасалып, өнүгүүгө кадамдар шилтенүүдө. Ошол үзүрлүү эмгектин натыйжасындагы өрнөктүү иштерди колдоп, ар бирибиз көмөктөш болууга милдеттүүбүз. Анткени, биздин эң башкы сыймыгыбыз – бул өзүбүздүн мамлекетибиз. Өлкөбүздү өнүктүрүүгө баарыбыз бирдей салым кошушубуз керек. “Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган” биримдик менен өзүбүз көкүрөк кагып мактанып, сыймыктана турган мамлекетти курушубуз зарыл.
Экономика көкүрөгүн көтөрө баштады
Ырасын айтсак, 30 жыл ичинде талкаланган экономиканы чакан аралыкта ыкчам өнүктүрүп, жолго салуу оңой эмес. Бирок, барыбызга ишеним берген аракеттер башталып, өнүгүүгө карай багыт алдык. Чынында эле тынымсыз эмгек, мээнетке ширелген чечкиндүүлүк жумурай журттун ишенимин ойгото алды. Өнүгүүдөгү кадамдар боюнча сөзүбүз куру болбошу үчүн сандар жана далилдер менен тизмектеп берүүнү туура көрдүк. Маселен, 2020-жылы 247 миллард сом бюджет болсо, үч жылда үч эсеге өсүп, 577 миллардга жетти. Үстүбүздөгү жылдын январь айынан июль айына чейинки мезгилде экономиканын өсүү темпи 8,7 пайызга чейин чыгып, 677 миллиард сомду түздү. 2020-жылы өлкөнүн консолидацияланган бюджети 247,7 миллиард сомду түзсө, 2023-жылы бюджеттин ресурстары 577,2 миллиард сомго жетти. 2024-жылдын соңуна чейин 650 миллиард сомдун чегинен өткөнү турат. Эң башкысы бюджет буга чейинкидей 20 млрд дефицит менен эмес, 10,9 млрд сом профицит менен аткарылды. Ички дүң прокция чоң секирик жасап, 1 триллион сомду басып өттү. 2020-жылы 7,1 пайызга төмөндөгөн ИДП үч жыл ичинде 439 млрд сомго өскөнүн чоң ийгилик деп бааласак болот. Ошону менен бирге, өлкөбүздүн туруктуу өнүгүүсүн узак мөөнөттө сакташ үчүн 2030-жылга ички дүң продукциянын көлөмүн 30 миллиард АКШ долларга жеткиребиз деген, бүткүл калайык калкка дем берген өтө зор максат коюлду. Бул ар бирибизди шыктандырып, келечекке болгон ишенимди жаратты десек жаңылышпайбыз.
Бушайманга салган карыз өз маалында төлөнүүдө
Барыбызга маалым, 2012-жылдан тарта мамлекеттин карызы эң башкы көйгөйгө айланган. Элден акча чогултуу демилгелери көтөрүлүп, эсептер ачылып, алгачкы болуп К.Жолдошбаев 10 млн сом которгонун укканбыз. Бирок, ал демилге ишке ашпай, арасатта калып кетти. Аргасы кеткен ошол маалдагы бийлик карызды жабуу үчүн кен байлыктарды берүү боюнча ойлорду ортого салып, элдин кулагын көндүрө баштаган. 2020-жылдагы элдин толкундан кийин экономикада секирик жасалып, элибиздин эсин эки кылган бул көйгөй азыр унутулду. Деген менен учурда эң ири көлөмдөгү карыздарды төлөп жатабыз. Маселен, 2023-жылы 344 млн доллар төлөнгөн, быйыл 400 млн доллар төлөнөт. Кийинки, 2025-жылы 430 млн доллар төлөйбүз. Ага чейин, 2004-жылы 3,1 млрд сом, 2008-жылы 5 млрд сом, 2011-жылы 9,4 млрд сом, 2017-жылы 20,6 млрд сом, 2019-жылы 28,1 млрд сом төлөнүп келген. Көрүнүп тургандай, 2004-жылдан 2019-жылга чейин төлөнгөн суммалар азыркыга салыштырмалуу бир кыйла аз болчу. Эң негизгиси, карызды төлөөдөгү коркунучтар жоголуп, башкы көйгөйгө айланбай калды.
“Социалдык келишим” долбоору
Элдин жакырчылыктан чыгаруудагы өрнөктүү иштин бири — “Социалдык келишим” долбоору болду. Президент Садыр Жапаров жеке өзү демилгелеген бул долбоор бүгүнкү күндө үзүрүн бере баштады. Эки жыл ичинде 13 миңдей аз камсыз болгон үй-бүлө өз ишкерлигин ачып, учурда дээрлик бардыгы ийгиликтүү ишин жүргүзүп жатат. Долбоордун жемиши десек болот, өлкөдө жөлөк пул алган балдардын саны 45 миңге азайды. Быйылкы жылдын июнь айына карата өлкөбүздө 44 900 бала же 16 миң үй-бүлө аз камсыз болгондор категориясынан чыгарылды. Белгилей кетсек, «Социалдык келишим» долбооруна жөлөк пул алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жана жакыр жашаган жарандар категориясына кирген адамдар катыша алат. Тагыраагы, бул жардам 100 миң сомго чейин бир жолку социалдык жардам катары берилет.
Быйылкы жылы аз камсыз жана жакыр жашаган 23 миң үй-бүлө менен социалдык келишим түзүлүп, «Социалдык келишим» долбоорунун алкагында 20 миң үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилүүдө. Бул иштер үчүн мамлекеттик бюджеттен эки миллиард сом бөлүнгөн, ошондой эле Дүйнөлүк банк тарабынан кошумча 3000 үй-бүлөгө каражат каралган. Эске салсак, 2022-жылы бул долбоордун алкагында 2800 үй-бүлөгө чакан ишкерлик үчүн 100 миң сомдон берилсе, 2023-жылы 10 миңден ашык үй-бүлөгө берилген. Быйыл дагы бир жакшы жобо киргизилгенине күбө болдук. Мындан ары 100 миң сом алган жарандар ишкерлигин далилдеп, салыктарды өз маалында төлөсө, мамлекеттик банктардан 200 миң сомго чейин пайызсыз насыя алганга шарт түзүлөт. Учурда бир нече мекендешибиз насыя алды.
Пенсия жана айлык-маяналар
2020-жылдан бери жакыр үй-бүлөлөрдүн санын кыскартуу менен бирге элдин жашоосун жакшыртуу жаатында алгылыктуу иштер жүрүп жатканы чындык. Анын бир далилин пенсия жана айлык-маяналар көтөрүлгөнүнөн байкалууда. 1-июлдан тарта пенсия көтөрүлүп, минималдуу өлчөмү 3 миң 500 сомду түздү. Эми 1-октябрда камсыздандыруу бөлүгү 18%га жогорулап, минималдуу пенсия 6 миң 900 сом болот. Башкача айтканда, Конституциядагы пенсия жана жөлөк пулдар жашоо минимумунан кем болбошу керек деген жобо аткарылды.
Ушул жерде баса белгилеп кетсек болот, пенсияны көтөрүүдө өтө чоң секирик жасалды. Бул оңой-олтоң иш эмес. Чоң түйшүк, кажыбас мээнет жатат. Баарыбыз билгендей буга чейинки жетекчилердин маалында 200-300 сомго, ашып барса 500 сомго гана көтөрүшчү. Азыр бир дем менен 7 миң сомго чыгарды. Негизи, 2020-жылдан кийин башка тармактардагы маянаны жогорулатуу менен бирге пенсияны көтөрүүдө өлкөбүз ири ийгиликтерге жетише алды. Муну башкаруудагы туура саясат деп айтсак жарашат. Анткени, пандемиядан кийинки абал өтө оор эле. Карызга алынган 320 миллион доллар менен эмгек акы, пенсия жана жөлөк пулдар төлөнүп, өлкөнүн экономикасы бычактын мизине илинип калган учур болчу. Эгер ошол жылы эл силкинип, бийлик алмашып кетпегенде бүгүнкү күндө мамлекетибиз өтө оор, мышык ыйлай турган абалга кептелип калмак. Кудай колдоп, чайпалсак да бөксөрбөй, кырдаал жөңгө салынып кетти.
Мекендештерибиз үчүн пенсия жаатындагы реформалары боюнча дагы кошумчалай кетелик, анткени бул маалымат көпчүлүккө керек. Анда белгиленгендей, мырзалар мурдагыдай пенсияга 63 жаштан, аялдар 58 жаштан чыгат, бул норма ошол бойдон калды. Бирок, пенсияга мөөнөтүнөн мурда чыгуу нормасы жоюлду. Буга чейин жарандын пенсия курагына жете электе талап кылынганга кошумча 15 жыл эмгек стажысы болсо, ага мөөнөтүнөн мурда, үч жыл эрте пенсия чегерилчү. Мындайча айтканда, талап кылынгандан ашыкча стажы бар болсо, мисалы эркектер 60 жашында, аялдар 55 жашында үч жыл эрте чыгууга мүмкүнчүлүк бар болчу. Июлдан тарта пенсияга мөөнөтүнөн мурда чыгуу нормасы жоюлду, мындан ары эмгек стажына карай эрте чыга албайт. Ошого катар, бул ирет көпчүлүктү сүйүндүргөн жакшы норма кирди. Мындан ары беш жыл иштегендерге дагы пенсиянын базалык бөлүгү толук төлөнө баштайт. Тагыраагы, пенсиянын базалык бөлүмүн толук алыш үчүн эми эркектерге 25, аялдарга 20 жылдык эмгек стажы талап кылынбайт.
Быйыл дарыгерлердин маянасы дагы көтөрүлдү. 1-сентябрдан баштап алыскы аймактарда иштеген жалпы хирург 20 миң 136 сомдун ордуна 50 миң 205 сом, анестезиолог-реаниматолог 35 миң 481 сомдун ордуна 73 миң 222 сом, педиатр 32 миң 474 сомдун ордуна 68 миң 709 сом ала баштады.
Үй маселеси чечилүүдө
2020-жылдан кийин калкты арзан турак-жай менен камсыздоо иши колго алынды. Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен «Менин үйүм 2021-2026» программасы иштелип чыгып, ал ийгиликтүү аткарыла баштады. Пайыздык чендерди улам арзандатып отуруп 4-6%га чейин түшүргөнгө шарт жаралды. Турак жай программасына өзгөртүүлөр киргизилип, калктын аярлуу катмарына Социалдык ипотека багыты киргизилди. Өзгөрүүлөргө ылайык калктын аярлуу катмарлары иштеген жерине карабастан 4%дан ипотека алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Ага катар 25 жылдык мөөнөт менен берилүүдө. Бул жерде мурдагы программалардан кескин айырмаланган дагы бир жакшы жери, кардарлардан баштапкы төлөм талап кылынбайт. Керектүү документтерин тапшырып кезекке тура беришет.
Кудайдын кулагы сүйүнсүн дейли, Бишкек шаарында жыл аягына чейин 2 184 батир ипотекага берилгени турат. Тактап айта кетсек, Калык Акиев көчөсүндө салынып жаткан үйдөн 216, “Жал” кичи районунан 288, Скрябин көчөсүндө салынып жаткан турак жайдан 549, Маликов көчөсүнөн 986, Юдахин көчөсүнөн 81, “Тунгуч” кичи районунан 54, Анкара көчөсүнөн 10 батир кезекте турган жарандарга ыйгарылат. Быйылкы жылдын жаз, жай мезгилдеринде дагы бир нече үйлөр берилген. Үстүбүздөгү жылы жалпысынан 126 турак жай же 6632 батир курулуп бүтүп, ишке берилгени турат. Учурда Мамлекеттик ипотекалык компания 20 714 батирлүү 443 үйдү куруунун үстүндө иштеп жатат. Анын жалпы жашоо аянты 1,308 миллион чарчы метрди түзөт.
Былтыр мамлекеттик ипотекалык программанын алкагында 1 миң 400 үй-бүлө турак жайлуу болгон. Мурдагы жылы компаниянын ишмердүүлүгүнүн аркасында 4,6 миллиард сомго 1800дөн ашык үй-бүлө эңсеген турак-жайын сатып алып, ал эми «Менин үйүм 2021-2026» турак-жай программасынын алкагында 2,5 миңден ашык үй-бүлө турак жай менен камсыз болгон. Эске сала кетсек, ушул тапта “Социалдык ипотека”, “Жеңилдетилген ипотека” багыттары боюнча насыялар 4% менен жана “Арзан ипотека” багыттары боюнча 8% менен берилүүдө.
Ошентип, бүгүнкү күндө жалпы калайык калк күткөн эң зарыл долбоор ишке ашууда. Бул алкоого татый турган абдан чоң иш. Анткени, 30 жылдан берки тарыхта бир да жетекчи турак-жай маселесине баш катырбагандыктан бүгүнкү оор абалга кептелип, жумурай журтубуз жасалма кооператив түзгөн шылуундарга алданып калышты. Мындан сырткары, үй алыш үчүн миңдеген жарандарыбыз мигрант болуп сыртта жүрөт. Ушул өзөктүү ишти бүгүнкү бийлик колго алып, элдин көптөн бери көксөгөн муктаждыгын чечүү үчүн 20 миң 714 батирлүү 400дөн ашуун үй салууда.
ГЭСтер жана ишканалар курулушу жанданды
Быйыл Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүнүн 100 жылдыгына карата 100 ишкана ишке кирмек. 30-августа 40 өндүрүш ишканасы ишке кирди. Алардын катарында Чүйдөгү “Терек-Таш” клинкер чыгаруучу жана цемент чыгаруучу заводу, Кадамжайда “Исфайрам-1”, Ноокатта “Курак-Тектир” чакан ГЭСтери, Ат-Башыда “Кара-Булак” соода-логистикалык аймагы, эт комбинаты, Нарында “Миң-Булак” курулуш материалдар ишканасы, Жайылда “Жунда” мунай заводунун бир бөлүгү, Кара-Балтада алтын куймаларын чыгаруу заводу, Сузакта мунайды кайра иштетүүчү завод, Чаткалда алтын иргөөчү фабрика бар.
Бизди сыймыктандырган ГЭСтерди курулуп жатат. Таласта “Бала-Саруу” ГЭСи, Чүйдө “Ысык-Ата” чакан ГЭСи, Жалал-Абаддын Сузак районундагы “Көк-Арт” чакан ГЭСи жана Токтогул районундагы “Кайнама” ГЭСи ишке кирди. Жакынкы аралыкта “Токтогул” ГЭСинин экинчи агрегатын жана “Үч-Коргон” ГЭСинин төртүнчү агрегатын ишке киргени турат. Ага катар Исфайрам-1 чакан ГЭСи, Белес чакан ГЭСи, Авлетим чакан ГЭСи, Лейлек чакан ГЭСи, Курак-Тектир чакан ГЭСи, Адын-Үңкүр чакан ГЭСи ишке кирмекчи. Ал эми Камбар-Ата ГЭС-1 куруу долбооруна 500 миллион доллар каражат табылып, азыр даярдык иштери жүрүп жатат. Учурда жолдор, көпүрөлөр, тоннелдер, көмөкчордондор жана жумушчулар үчүн убактылуу лагерь курулууда.
Кыргыз темир жолунун жаңы барактары ачылууда
2020-жылдан кийин өлкөбүз темир жол багытында дагы жаңы дем байлап, кылым курулушу аталган долбоорлорду ишке ашыра баштады. Учурда “Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече” темир жолунун курулушу кызуу жүрүп, “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун курулушу башталганы турат. Ушул жерден белгилей кетсек, быйыл Кыргыз темир жолунун түзүлгөнүнө 100 жыл болду. Тилекке каршы, эгемендик алгандан кийинки 30 жылда мамлекет тарабынан 1 метр дагы темир жолу курулган жок. Тескерисинче, таланып-тонолду. Жеке кызыкчылыгын көздөгөн жетекчилер өлкөдөгү башка тармактар сыяктуу темир жолду жемкорлуктун сазына батырып, таш-талканын чыгарышты. Үйрөнгөн адат менен 2020-жылдагы бийлик алмашуудан кийин да темир жолдогу “карышкырлар” жемкорлукту улантууга аракет кылышканына күбө болдук. Өзүн жарандык активист катары көрсөткөн Мелис Аспеков 250 миң доллар талап кылса, “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси дароо кармата койгону буга далил. Бирок, Садыр Жапаров башында турган бийлик алкымы бузуктардын тузагына илинген жок. Темир жолдогу эле эмес, мамлекетти чырмооктой каптаган бардык тармактагы жемкорлорго аёсуз күрөштү баштап, бүгүнкү күнгө чейин кертип жатат. Бул иште УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кашкөйлүгүн көрсөтүп, 30 жылдан берки коррупциялык системанын тамырын кыркууда.
“Бөйрөктөн шыйрак чыгарган” ниети бузуктардын сөзүн укпай, Садыр Жапаров 2022-жылдын март айында “Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече” долбоорунун биринчи этабы болгон “Балыкчы – Кочкор” темир жол тилкесин куруу иштерине старт берген эле, быйыл анын 40 чакырымы бүткөнү турат. Кочкорго чейин 23 гана чакырым калды. Бул чоң жетишкендик деп айтсак неге болбосун! Жакшы ишти жакшы деп айткандан неге арданышыбыз керек! Аталган “Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече” долбоору өлкөнүн инфраструктурасын гана бекемдебестен, жакынкы жылдарда Макмал аймагындагы жүктөөчү бекет аркылуу “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоору менен байланышып, өлкө ичинде бирдиктүү темир жол тармагын түзүүдө негизги ролду ойной баштайт. Бул биздин байланышты гана чыңдабастан, мамлекеттин экономикасы үчүн чоң пайда келтирет.
Эң башкысы, кылым курулушу деп айтылып жаткан “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун курулушуна жакынкы күндөрдө “старт” берилгени турат. Бул чоң мамлекетибиз үчүн өтө чоң жетишкендик. Буга чейинки жетекчилер мажирөөлүк кылып, Кыргызстанды туңгуюктан чыгаруучу бул темир жолду чечүүгө батынган эмес. Ток этээрин айтканда, биринин дагы каалоосу болгон эмес. Сөз жүзүндө айтып коюп, иш жүзүндө эч нерсени аткарбай, баягы ичип-жемей саясатын уланта берген. Садыр Жапаров дипломатиялык жөндөмү менен бардык тарап менен макулдашып, 2022-жылы 14-сентябрда ШКУ саммитинин алкагында “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун долбоору боюнча кызматташууга кол коюлду. Быйыл үч өлкөнүн ортосунда түзүлгөн келишим ратификацияланды.
Чек ара көйгөйүнөн кутулганы калдык
Мамлекетке өтө чоң түйшүктү жараткан чек ара маселеси болчу. Ал айрым топтордун ызы-чуусына, кыйкырык сүрөөнүнө, бут тосуусуна карабай аткарылууда. Бүгүнкү күндө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара маселеси толугу менен чечилди, бир түйшүктөн кутулдук. Ал эми Тажикстан Республикасы менен кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча делимитация жана деморкация иши аяктоо этабына келип, сүйлөшүүлөр кызуу жүрүп жатат. Өткөн айда 94 пайызы такталганы боюнча эки тараптан бирдей маалыматтар чыгып, чек ара тилекелеринин калган бөлүктөрү боюнча ай сайын жолугушуу пландалып, иштер жүрүп жатканы, жакынкы айларда чечилери айтылууда.
Өлкөбүздүн жаратылышы жана “Жашыл мурас”
Өлкөбүздүн жаратылышы ажайып кооз экени жалпыга маалым, биз муну менен абдан сыймыктанабыз. Ушундай жерди бизге мурас кылып калтырып кеткен ата-бабаларыбызга миң ирет алкыш айтсак да аздык кылат. Албетте, тарыхый жагдай-шарттын негизинде бир топ кертилдик. Бирок, ушунусуна дагы шүгүр дейлик, учурда көз жоосуз алган жети дубаныбыз бар. Өрүкзарлуу Баткенде – Ай-гүл Таш, Сары-Тоо, Каравшан капчыгайы, “Саркент” жаратылыш паркы, Ордолуу Ошто – айтылуу Сулайман-Тоо, Ленин чокусу, Кыргыз-Ата жана Кара-Шоро паркы, Кулуната коругу, Чил-үстүн үңкүрү, Өзгөн мунарасы турат. Жалал-Абадда – Сары-Челек, Арсланбап, Шах-Фазиль күмбөзү, Токтогул суу сактагычы, Чычкан капчыгайын билебиз. Таласта – Беш-Таш улуттук паркы, Үрмарал капчыгайы, Манастын Күмбөзү, Киров суу сактагычы, Нарында – Соң-Көл жайлоосу, Таш-Рабат, Чатыр-Көл, Эки Нарын, Көкөмерен капчыгайы бар. Ысык-Көлдө – кыргыздын бермети болгон Ысык-Көлү, Сары-Чат — Ээр-Таш коругу, Григорьев капчыгайы, Каракол улуттук паркы, Жети-Өгүз жана Алтын-Арашан капчыгайлары, Жомок каньону, Жыргалаң өрөөнү, Туз-Көл, Өрнөктөгү саймаланган таштары, ал эми Чүйдө — Ала-Арча улуттук паркы, Шамси жана Кегети капчыгайлары, Бурана, Ысык-Ата эс алуучу жайлары жалпыбызды суктандырып, өзүнө тартып турат.
Албетте, биз бейиштей болгон жерибизди көздүн карегиндей сактап, кам көрүшүбүз керек. 2022-жылы Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен баштаган Улуттук “Жашыл Мурас” кампаниясынын алкагында жалпы республика боюнча 7 млн 572 миң кɵчɵт отургузулган. Ал эми былтыр, 2023-жылы дагы 7 миллион даана бак-дарак көчөттөрүн отургузуу иши улантылып, “Жашыл Мурас” улуттук кампаниясын ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн бардык аймактарда иш-чаралар өткөрүлгөн. Саамалык быйылкы жылы да ийгиликтүү улантылып, 8,5 миллион көчөт отургузулду.
Меймандостук биздин наркыбыз
Кыргыздардын кооз жерлери жана жаратылышы саякатчылардын кызыгуусун арттырып, көрүүгө куштар болгондордун, элибиз менен таанышууну каалагандардын саны жылдан жылга өстүрүүдө. Көптөгөн чет элдик басылмалар Кыргызстанды эркин саякаттын “өлкөсү” деп атаган учурлары да бар. Жерибизди көрүп, элибизди тааныйын деп келгендерге меймандостук мамиледе болушубуз кажет. Анткени, меймандостук бул – кыргыз элинин каны-жанына сиңген сапат. Кыргыздын өзгөчө пейилин түшүндүрүп турган белги десек дагы жаңылышпайбыз. Байыртадан бери кыргыз аялуу тамагын коногуна берип келген. Үйгө бирөө кирип келген кишин тааныса да, тааныбаса да тура калып учурашып, төргө өткөргөн. Дасторконун жаңылап жайып, чүйгүн тамагын коногунун алдына койгон, жок эле дегенде даам ооз тийгизишкен. Айтор, нарктуу элибиз конок келсе кут кирет деп эсептешкен. Биз ошол салтыбыздан, наркыбыздан айрылбашыбыз керек.
Муну так түшүнгөн Президентибиз Садыр Жапаров бийликке келери менен нарк боюнча мыйзам чыгарды. Ошого катар, өлкөбүзгө келген саякатчыларды жогорку деңгээлде тосуп алууну өтүнгөн, муну эсибизден чыгарбайлык. Анда: “Күн өткөн сайын өлкөбүзгө, Ысык-Көлүбүз болобу, борбор калаабызгабы же башка аймагыбызгабы, айтор, Кыргызстанга туристтердин агымы көбөйөт. Туризм мамлекеттик казынаны толтуруунун олуттуу бир булагы боло алат. Бул мамлекетке эле эмес, туристтерге кызматын көрсөтүп ар кыл тармакта эмгектенген миңдеген мекендештерибиз үчүн да каржылык пайда алып келери айтпаса да түшүнүктүү. Андыктан сиздерден чоң өтүнүч – өлкөгө келген ар бир туристке, ар бир чет элдик жаранга меймандостугубузду, жогорку маданиятыбызды көрсөтөлү. Алардын ар бири өз өлкөсүнө кайтканда Кыргызстанды жакшы жагынан таанытабы-жокпу сиздердин аларга карата мамилеңиздерден көз каранды. Жакшы таасир алып кетишсе кийинки жылдары дагы сөзсүз келишет» — деген Президент.
Кыскасы, мекенчилдик позицияны карманган жетекчилердин аракети менен өлкөбүз өнүгүүгө карай багыт алды. Кош көңүлдүк кылбастан, Кыргызстаныбызды гүлдөгөн мамлекетке айландырууда бардыгыбыз көмөктөш болууга милдеттүүбүз.
Зулпукаар Сапанов