Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Кыргызстанда 30-ноябрга белгиленген кезексиз парламенттик шайлоону өткөрүү үчүн чыгымдардын сметасын бекитти. Жалпы каражат 700 миллион сомду түздү.
Анын ичинен:
-
БШКнын чыгымдары — 382,8 млн сом. Бул сумма шайлоо комиссияларынын борборлоштурулган сатып алууларын, техникалык жабдууларды, маалымат материалдарын даярдоону, мүчөлөрдү окутууну жана иш сапар чыгымдарын камтыйт;
-
Округдук шайлоо комиссияларынын чыгымдары — 259,2 млн сом. Бул каражат мүчөлөргө жана техникалык операторлорго сый акы төлөөнү, иш сапарлар жана транспорт чыгымдарын жабууга жумшалат;
-
Чет өлкөлөрдө шайлоо жүргүзүүгө — 58 млн сом бөлүнгөн. Бул каражат Кыргызстандын жарандарынын өлкөдөн тышкары добуш берүү укуктарын камсыз кылууга багытталган.
- Чыгымдар төмөнкү негизги көрсөткүчтөргө таянып эсептелген:
- округдук шайлоо комиссияларынын саны — 30, мүчөлөрүнүн саны — 450 адам;
- участкалык шайлоо комиссияларынын (УШК) саны — 2622 (анын ичинде 100 чет элдик мекемеде жана 30 кошумча УШК), мүчөлөрүнүн саны — 25 720 адам(анын ичинде автоматтык эсептөөчү жабдуулар менен иштеген операторлордун саны — 5000 УШК мүчөлөрү, шайлоочуларды идентификациялоо жабдууларын иштеткен операторлордун саны — 5000 УШК мүчөлөрү);
- шайлоо жана референдум өткөрүү учурунда жарандарды идентификациялоо боюнча техникалык кызматтарды көрсөтүүчү сырттан тартылган операторлор (УИК үчүн) — 2500 адам;
- техникалык колдоо көрсөтүүчү операторлордун саны — 600 адам.