"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Жогорку Кеңеш

Кезексиз парламенттик шайлоо үчүн 700 млн сом бөлүндү

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Кыргызстанда 30-ноябрга белгиленген кезексиз парламенттик шайлоону өткөрүү үчүн чыгымдардын сметасын бекитти. Жалпы каражат 700 миллион сомду түздү.

Анын ичинен:

  • БШКнын чыгымдары — 382,8 млн сом. Бул сумма шайлоо комиссияларынын борборлоштурулган сатып алууларын, техникалык жабдууларды, маалымат материалдарын даярдоону, мүчөлөрдү окутууну жана иш сапар чыгымдарын камтыйт;

  • Округдук шайлоо комиссияларынын чыгымдары — 259,2 млн сом. Бул каражат мүчөлөргө жана техникалык операторлорго сый акы төлөөнү, иш сапарлар жана транспорт чыгымдарын жабууга жумшалат;

  • Чет өлкөлөрдө шайлоо жүргүзүүгө — 58 млн сом бөлүнгөн. Бул каражат Кыргызстандын жарандарынын өлкөдөн тышкары добуш берүү укуктарын камсыз кылууга багытталган.

  • Чыгымдар төмөнкү негизги көрсөткүчтөргө таянып эсептелген:
    • округдук шайлоо комиссияларынын саны — 30, мүчөлөрүнүн саны — 450 адам;
    • участкалык шайлоо комиссияларынын (УШК) саны — 2622 (анын ичинде 100 чет элдик мекемеде жана 30 кошумча УШК), мүчөлөрүнүн саны — 25 720 адам(анын ичинде автоматтык эсептөөчү жабдуулар менен иштеген операторлордун саны — 5000 УШК мүчөлөрү, шайлоочуларды идентификациялоо жабдууларын иштеткен операторлордун саны — 5000 УШК мүчөлөрү);
    • шайлоо жана референдум өткөрүү учурунда жарандарды идентификациялоо боюнча техникалык кызматтарды көрсөтүүчү сырттан тартылган операторлор (УИК үчүн) — 2500 адам;
    • техникалык колдоо көрсөтүүчү операторлордун саны — 600 адам.