"Эркин-Тоо"

“KGtai –Таланттарга старт 2022” фестивал-сынагына 200дөн ашык таланттуу балдар катышты

Каракол шаарында III Эл аралык жаш таланттардын “KGtai –Таланттарга старт 2022” фестивал-сынагы жыйынтыкталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы маалымдайт.
Маалыматка караганда, иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Россия, Өзбекстан жана Каракалпакстан Автономиялуу Республикасынан 7 жаштан 16 жашка чейинки 200дөн ашык таланттуу балдар катышты.
Фестивалдын конкурстук программасына жеке аткаруучулар, топтор, вокал, хореография, аспаптык жанр боюнча күч сынашты.
Белгилей кетсек, фестиваль Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосунда өтүп, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гулнара Тойгонбаева жетектеген “Арт Булак” коомдук фонду тарабынан уюштурулуп, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Каракол шаарынын мэриясысынын колдоосуна да ээ болду.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!