"Эркин-Тоо"

Киберкоопсуздукту камсыз кылуу – маанилүү маселе

Президент Садыр Жапаров 13-майда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Киберкоопсуздук боюнча координациялык борборунун жаңы имаратынын ачылышына катышты.

Өлкөнүн киберкоопсуздугун камсыздай турган заманбап борбор эл аралык стандарттарга жооп берген акыркы технологиялык жабдуулар, аппараттык жана программалык камсыздоо системалары менен жабдылган. Бул багытта тиешелүү иштерди жүргүзүү үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөн. Борбор киберкоопсуздукту камсыздоо, компьютердик чабуулдарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча мамлекеттик органдардын, компьютердик кагылышуу, түшүнбөстүктөргө каршы аракеттенүү борборлорунун ишин координациялайт.

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров дүйнө жүзү боюнча маалыматтык технологиялардын жана санариптик экономиканын ыкчам өнүгүүсү айрым тобокелдиктер жана коркунучтар менен коштолуп жатканын белгиледи. Азыркы замандын мындай чакырыктарына каршы турууда өлкөбүздө активдүүлүк менен түзүлүп жаткан санариптик инфратүзүмдөрдүн жана кызматтардын киберкоопсуздугун камсыз кылуу – абдан маанилүү маселелердин бири.

Учурда улуттук экономиканы санариптик трансформациялоо багытында жигердүү кадамдар жасалып, жарандардын заманбап электрондук кызматтарга жетишүүсүн камсыз кылуу үчүн болгон күч-аракеттер жумшалып жатат. Бул багыттар мамлекеттик өнүктүрүү программаларынын алкагында артыкчылыктуу багыттар деп эсептелип, аларды ишке ашыруу Мамлекет башчысынын жеке көзөмөлүндө.

“Өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуунун жалпы тутумундагы бул жаңы багыт азыркы учурда калыптануу стадиясында десем болот. Ошентсе да акыркы учурлардагы мамлекеттик жана башка маалымат тутумдарына жасалган хакердик чабуулдарды эске алганыбызда, бул тармакты тез арада сапаттуу деңгээлге көтөрүп, өнүктүрүүнү мезгил өзү талап кылууда” деп белгиледи Президент. Бул иштин актуалдуулугу эл аралык жана аймактык коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү динамикалык процесстерге, ошондой эле дүйнөдөгү аскердик-саясий окуялардын кесепеттерине байланыштуу экенин кошумчалады.

Мындан улам Мамлекет башчысы киберкоопсуздук чөйрөсүндө чет өлкөлүк алдыңкы тажрыйбаларды жана өнөктөштөрдүн ийгиликтүү ишаракеттерин эске алуунун маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

“Эркин-Тоо” пресс
№39 “Эркин-Тоо” гезити
2023-жылдын 16-майы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!