Кичи автобус менен BMW X5 үлгүсүндөгү унаа катышкан жол кырсыгы — ВИДЕО

23-июнь, 2023-ж. / Редакция / Жаңылыктар 15

Бишкекте Чокон Валиханов-Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде жүргүнчү ташыган кичи автобус менен BMW X5 үлгүсүндөгү жеңил унаа сүзүшүп кетти. Бул тууралуу Милициянын жол кайгуул кызматынан тастыкташты.

Маалымдалгандай, жол кырсыгы бүгүн, 23-июнда саат 08:50 чамасында болгон. Анда BMW X5 үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу катуу ылдамдыкта баратып, Mercedes-Benz жүргүнчү ташыган кичи автобустун артынан келип сүзгөн.

Учурда жол кырсыгынын чыгуу себептери жана жабыркагандардын саны такталууда.

23-июнь, 2023-ж. / Редакция / Жаңылыктар 15
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X