"Эркин-Тоо"

Киевде абадан аткылоодон төрт адам мерт болду

17-октябрдын таңында Украинанын баш калаасында Орусиянын дрон менен аткылоосунан төрт адам каза тапты. Өлкөнүн чыгышында жана түштүгүндө дагы бир нече аймак аткыланды. Буцл тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты .

Маалым болгондой, Киевдин мэри Виталий Кличко мерт болгондор арасында кош бойлуу келин менен күйөөсү бар экенин, алардын сөөгү уранды алдынан табылганын, 18 киши куткарылганын Телеграм-каналына жазган.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 16-октябрдын кечинен тартып, 17-октябрдын таңына чейин кеминде 25 калктуу пункт аткыланганын билдирди.

Зеленский украин абадан коргонуу күчтөрү көптөгөн ракеталарды жана дрондорду атып түшүргөнүн жазып, ошол эле учурда өлкө асманын коргоо үчүн күчтүүрөөк жабдууларга муктаж экенин ачыктады.

АКШ президенти Жо Байдендин маалымат катчысы Карин Жан-Пьер Ак үй «Орусиянын ракета менен аткылоосун чечкиндүү сындайт» деп айтып, бул «президент Путиндин ырайымсыздыгын көрсөтүүнү улантып жатканы» деп сыпаттады.

17-октябрда эртеден бери Киев облусу, Житомир, Винница, Черкасск, Кировоград, Николаев, Одесса аймактарында абадан сокку уруу коркунучун эскерткен сиреналар жаңырып турду.

Днепропетровск облусунун аскердик администрациясынын башчысы Валентин Резниченко орус армиясы түнү бою «Град» системаларынан, оор артиллериядан аткылаганын билдирди. Анын айтымында, үч ракета атып түшүрүлдү, дагы бирөө энергетикалык инфраструктурага тийип, өрт тутанган.

Украинанын Аба күчтөрүнүн басма сөз катчысы Юрий Игнат өткөн түнү 26 жанкечти дрон жок кылынганын маалымдады. Орусия соңку соккуларды азырынча комментарийлеген жок.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!