"Эркин-Тоо"

Кийинки апта да ысык болот

Кыргызгидромет агенттиги кийинки аптада  дагы күн катуу ысый турганын билдирди. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратып, 17-19-июль күндөрү аптаптуу ысык аба ырайы сакталарын маалымдады. Абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 35…40 градуска чейин, Талас облусунда 33…38 градус болушу күтүлөт. Ал эми  ушул аптанын аягында, 15-16-июль күндөрү, күн бир аз салкындайт.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!